Дүйнөдө ар секунд сайын бирден бала өлүк туулат, ал эми жылына өлүк туулган балдардын саны 2 миллионго жетет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ), Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) жана Дүйнөлүк банктын (ДБ) өлүк туулуу көйгөйү боюнча даярдаган докладында айтылат.
Бала өлүк туулган бардык учурлардын 75 пайызы Түштүк Азия жана Африканын тропикалык аймактарындагы өлкөлөргө туура келет. Анан калса, ушундай учурлардын 84 пайызы кирешеси орто же төмөн өлкөлөрдө катталып жатат. Өткөн 2019-жылы Азербайжанда миң төрөткө эсептегенде 9, Арменияда 12,9, Беларуста 2, Грузияда 5,7, Казакстанда 5,4, Россияда 3,8 өлүк төрөлүү учуру катталган.
-Баланы төрөт же кош бойлуулук учурунда жоготуп алуу – үй-бүлө үчүн барып турган кайгы, — дейт ЮНИСЕФтин жетекчиси Генриетта Фор. – Көпчүлүк учурларда өлүк төрөлүүнүн алдын алса болот. Аны үчүн кош бойлуу кезде жакшы байкоого алуу, мониторинг жана акушердин квалификациялуу жардамы керек.
Ал эми эксперттердин баамында, бала көбүнесе кош бойлуу же төрөт учурунда эне менен балага жакшылап байкоо салбагандыктан жана адекваттуу медициналык жардам берилбегендиктен өлүк туулуп жатат. Таажы вирусунун пандемиясына байланыштуу саламаттыкты сактоо системасына оорчулук түшүп, кырдаал ого бетер кыйындоодо. Мындан улам баланын өлүк төрөлүү учурлары жылына 11 пайызга көбөйүп кетиши ыктымал. Ал эми жакыр өлкөлөрдө бул көрсөткүч 20 пайызга жетиши мүмкүн.
Төрөт учурунда энеге квалификациялуу акушердик жардам берилбегендиктен эле 40 пайыз балдардын өлүк төрөлүшү келип чыгууда. Деген менен, Борбордук жана Түштүк Азия, Африканын тропикалык аймакта жайгашкан өлкөлөрүндө бул көрсөткүч 50 пайызга жетип, ал эми Европанын жана Түндүк Американын өнүккөн өлкөлөрүндө 6 пайызды гана түзөт.
Өнүккөн өлкөлөрдө баланын өлүк төрөлүү учурлары көбүнесе улуттук азчылыктардагы аялдар арасында арбын учурайт. Мисалы, Канаданын түпкү элдеринин арасында мындай учурлар башка элдерге караганда үч эсе көп, ал эми АКШда ак түстүү аялдарга караганда афроамерикалык аялдар арасында эки эсе көп кезигет. Бул көйгөйдүн келип чыгышына аялдын социалдык-экономикалык статусу, анын жашаган орду (шаар же айыл), билим деңгээли, сапаттуу медициналык жардамга кол жетерлиги же жоктугу да маанилүү.
Докладда айтылгандай, дүйнөдөгү бардык аялдардын жарымы гана төрөт учурунда зарыл жардамды ала алышат. БУУ мындай жагымсыз кырдаалды өзгөртүүгө, бардык аялдарды кош бойлуу жана төрөт мезгилинде сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылууга чакырууда.
Булак: news.un.org