Өзбекстан сырттан телевизор импорттоону кыскартып, тескерисинче экспортту көбөйтүү аракетин жасоодо. Башка өлкөлөр арасында Кыргызстанга да телевизор экспорттоону көбөйүп жатат. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги билдирди.
Быйылкы жылдын 1-сентябрга карата Өзбекстанда телевизор өндүрүп чыгаруу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга өскөн. Ошонун натыйжасында телевизорду сырттан импорттоп келүү көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 2,8 миллион долларга кыскарган. Тактап айтканда, быйыл 230,6 миң телевизор импорттолуп, ага керектелүүчү 5,3 миллион долларлык тетиктер сатып алынган.
Өлкөнүн Мамстаткомитети билдиргендей, телевизордун тетиктери 26 өлкөдөн импорттолууда. Мисалы, 3,2 миллион долларга Кытайдан, 820 миң долларга Кореядан, 435,6 миң долларга Казакстандан, 87 миң долларга Германиядан алып келинген. Ал эми өткөн жылы Өзбекстан 951 миң телевизор чыгарып, мурдагы 2018-жылга салыштырмалуу 24,5 пайыз өсүш болгон.
Быйылкы жылдын эсебинен телевизор экспорту өсүп, 1-ноябрга карата 119,4 миңден ашуун телевизор сыртка сатылган. Он ай ичинде экспорттолгон телевизордун жалпы наркы 13,8 миллион долларды түздү. Андан түшкөн чет элдик валюта кирешеси 35 пайызга көбөйдү.
Быйылкы телевизор экспортунун 32 пайызы Азербайжанга, 24 пайызы Казакстанга, 21 пайызы Россияга, 8 пайызы Украинага туура келет. Жыл башынан бери Кыргызстанга жана Тажикстанга экспорттоонун көлөмү 2,2 эсеге жогорулаган. Азыркы учурда Грузия жана Түркияга экспорттоо да жолго коюлду.
Өзбекстан ошондой эле муздаткычтардын экспорттун да көбөйтүп жатат. Быйыл он айда 32,4 миң муздаткыч чыгарса, андан 5,2 миллион долларлык экспорт жасалып, чет элдик валюта кирешеси 58 пайызга өскөн. Муздаткыч экспортунун 44,6 пайызы Тажикстанга, 17 пайызы Кыргызстанга, 15 пайызы Азербайжанга, 11 пайызы Казакстанга туура келет. Быйыл Афганистан багытындагы экспорт 28 эсе, Түркмөнстанга 30 эсе, Россияга 57,2 эсе көбөйдү. Эми Грузия жана Түркияга экспорттоо да колго алынып отурат.