Өзбекстандын жана Кыргызстандын соодагерлери Тажикстандын жумуртка экспортуна муктаж болушууда. Бул тууралуу тажик өкмөтүндөгү булакка негизденип Novosti.tj сайты жазып чыкканын eurasiatoday.ru сайты билдирди.
Алынган маалыматка ылайык, кошуна мамлекеттердин өкүлдөрү Тажикстанга кайрылып, жумуртка экспорттоону суранышкан. Белгилүү болгондой, Тажикстанда жумуртканын даанасынын баасы азыр 1,1 сомони же 9 центтен турат, ал эми 30 даанасы 29дан 33 сомониге чейин. Ошол эле кезде бир жумуртканын баасы Бишкекте 12 цент (10 сом), Ташкентте 14 центтен кем эмес.
Маалымат агентигинин билдиришинче, Тажикстанда жумуртка өндүрүү массалык түрдө колго алынган. Республиканын Айыл чарба министрлиги билдиргендей, быйылкы жылдын тогуз айында 761 миллион даана жумуртка өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу 257 миллион даанага көптүк кылат.
Тажикстандагы канатуулар фабрикасынын жетекчиси Мадшакир Назаровдун айтымында, мындай өндүрүштүк илгерилөө республикада канаттуулар фабрикалары салыктандан бошотулганы менен түшүндүрүлөт.
-Тажикстандын өкмөтү 2013-жылы бардык канаттуулар фабрикаларын, канаттууларды өстүрүү жана жем өндүрүү ишканаларын 12 жылга салыктан бошоткон. Эми ошонун натыйжасын көрүп жатабыз, — дейт ал.
Деген менен, Тажикстандын өкмөтү салыктан бошотуп гана калбай, 2018-жылдан тартып жумуртка экспорттоого да тыюу салган. Ишкерлердин айтымында, жумурткага болгон өлкөнүн ички керектөөсү азырынча толук канааттандырыла элек.