Азыр жан-жаныбарлардын бир миллион түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Жер бетинин үчтөн бири жана суу ресурстарынын 75 пайызы айыл жана мал чарбасына пайдаланылууда. Жыл сайын дүйнөдө 60 миллиард тонна кайталан өндүрүлүүчү жана бир жолку өндүрүлүүчү ресурстар иштетилип жатат. Жер бетинин продуктуулугу 23 пайызга азайып кетти. Дээрлик 300 миллионго чейинки кишилер суу каптоолордун, катуу шамалдардын коркунучунда жашоодо.
Акыркы 100 жылда кургак жердеги биологиялык түрлөр 20 пайызга азайды. Азыр сууда жашаган жаныбарлардын 40 пайызы, кораллдардын 33 пайызы, суудагы сүт эмүүчүлөрдүн үчтөн бири толугу менен жок болуп кетүү алдында турушат. Үйгө үйрөтүлгөн бардык сүт эмүүчү жаныбарлардын 9 пайызы 2016-жылы жок болгон, дагы миңдеген түрлөр бүгүн эле жок болуу коркунучунда турат. Жылына дүйнөлүк суу бассейнине 300-400 миллион тонна оор металлдар, уулу заттар жана өнөр жай калдыктары ташталууда. Суу жээгиндеги экосистемага ташталган жер семирткичтер океан жээктеринде 400дөн ашуун өлүк зоналарды пайда кылды, алардын жалпы аянты 245 миң чарчы метрди түзөт – бул деген Улуубританиянын аянтынан көп.
Бул маалыматтар Өкмөттөр аралык биоартүрдүүлүк жана экосистемалар боюнча илимий-саясий платформа (IPBES) тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө айтылган. Бул топко дүйнөнүн 50 мамлекетинен 145 окумуштуулар кирген, алар дүйнөдөгү 310 ар кайсы эксперттер жана илимпоздор менен иштешкен. Маалыматарды жыйноо жана анализдөөгө 3 жыл кетип, анда 15 миңден ашуун илимий жана расмий иштер топтолгон.