
Эми Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын жүрүм-туруму козөмолгө алынат жана этикалык нормалардын алкагында болот. Шаардык кеңештин кезексиз сессиясында депутаттардын этикалык кодексин бекитүү маселеси да каралып, кабыл алынды. Доклад менен чыгып сүйлөгөн депутат Сайдилла Чимбердиев сунуштаган бул кодексте депутаттын ишмердигине байланыштуу жүрүм-турум нормалары камтылган.
-Бул документте депутат өзүн алып жүрүүсү боюнча бардык нормалар жазылган. Мисалы, сессиянын, туруктуу комиссиянын жыйынына убагында келүүсү, телефондорду өчүрүп коюусу, кызыкдар тараптардан сый акы албоосу, өзүнүн маселеси каралып жаткан болсо, калыс болуп, колдоодон чыгып кетүүсү каралган. Ошондой эле бизде комиссиянын жыйынын өткөрүүдөгү эң негизги көйгөй — кворум жок болуп калат. Бир комиссияда 7 депутат болсо, төртөө келбей калса, кворум жетпейт, жыйын өтпөй калат. Ошондуктан 4 жолу сессиянын, туруктуу комиссиянын жыйынына келбеген депутаттарды шаардык кеңеш жыйынында карап, этикалык кодекстин нормаларын өзгөчө одоно бузуулар катталса, сессияга алып чыгуу жана массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыялоо сыяктуу чаралар жазылган, — дейт ал.
Этикалык кодекс көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Эске салып кетчү жайгдай, депутаттардын сессияга кечигип келүүсү, жыйын учурунда телефондорду өчүрбөй чукуоап отуруусу буга чейин болуп келген. Эми кабыл алынган этикалык кодекс депутаттардын жүрүм-турумунда өзгөрүү алып келеби же жокпу, аны убакыт көрсөтөт.
