Эл аралык валюта фондусу (ЭВФ) дүйнө боюнча абага чыгарылган көмүр кычкыл газына салык төлөө тартибин киргизүү сунушу менен чыкты. Абанын глобалдуу ысып кетишинин алдын алуу алкагында көмүр кычкыл газынын абага чыгышын 2030-жылга карата үчтөн бирге азайтуу максатында киргизилген салык төлөө тартиби өз натыйжасын берет деген пикир айтылууда. Бул тууралуу несимтердин DW басылмасына шилтеме берүү менен telegraf.com жазып чыкты.
Климаттык сактап калуу боюнча Париж келишимин жүзөгө ашыруу үчүн дүйнө боюнча абага чыгарылган ар бир тонна көмүр кычкыл газы үчүн 70 АКШ доллары өлчөмүндө салык алуу өз натыйжасынын берер эле, дейт ЭВФнын жетекчиси Кристина Лагард жана ошол эле эл аралык уюмдун фискалдык саясат боюнча директору Витор Гаспар. Бул чара казылып алынуучу отунду пайдаланууну чектөө жана топтолгон каражатты кайталап өндүрүлүүчү энергия булактарына жумшоо үчүн жакшы шарт жаратарын айтышат.
Деген менен, мындай салык тартиби ар кайсы өлкөлөргө ар башкача таасир этери да эске алынууда. Мисалы, дүйнө боюнча абага булганыч заттарды көп чыгарган Кытайда көмүр кычкыл газына салынган 35 долларлык салык абаны булагоону 30 пайызга азайтар эле. Көмүрдү көп иштеткен Индия жана Түштүк Африкада деле ушундай акыбал жүз берет. Ал эми башка энергия булактарын пайдаланган өлкөлөрдө бул салыкты киргизүү абанын булганышын 10 пайызга гана төмөндөтөт.
Эске сала кетсек, 2015-жылдагы Париж келишими боюнча дүйнөлүк абанын температурасын кылымдын аягына чейин Цельсия боюнча 2 градустан ашырбай кармап туруу талабы айтылган. Ал эми 2018-жылдагы климаттын өзгөрушү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттик топтун атайын докладында дүйнөдө абанын 1,5 градус ысып кетиши орду толгус экологиялык кыйроолорго алып келери белгиленди.
Эгерде 2030-жылга чейин абага чыгып жаткан көмүр кычкыл газынын көлөмү өзгөрбөй кала берсе, анда Жер шарынын климаты мындан миллион жыл мурдагыдай кургак жана ысык болушу күтүлөт. Мунун өзү дүйнөлүк океандын деңгээлинин көтөрүлүшүн камсыз кылат.