Мындан дээрлик бир жыл мурда Жалал-Абад шаарына жаңы мэр шайланып, жаңы келген калаа башчы бир жыл өтпөй эле 11 жетекчини кызмат ордунан алып, жаңысын дайындаган. Бирок, Жалал-Абад шаардык кеңешинин бул боюнча макулдугу өз убагында макулдук алган эмес. Кечээки шаардык кеңештин кезексиз сессиясында эл өкүлдөрү нааразычылыктарын айтып чыгышты.
Сессияда шаардагы муниципалдык мекемелердин жана ротация жолу менен келген жетекчилерди дайындоого макулдук берүү маселеси каралды. Кызык жери, мындагы жетекчилердин алды дайындалып, иштеп жатканына 9 айдын жүзү болсо да шаардык кенештен макулдук болгон эмес.
Депутаттардын сессияга чейинки өткөн кеңештилген кеңешмесинде депутат Шаирбек Ташиев бул маслегени көтөрүп чыккан. А чынында жаңы келген жетекчинин дайындалышына макулдук алуу сунушун шаардык кеңешке шаар мэриясы алып кириши керек. Бирок, бул нерсе мэриянын жетекчилеринин оюна да келген эместиги көрүнү калды. Ошентип, сессияда депутаттар жетекчилердин дайындалышна 9 айдан кийин болсо да макулдук беришти. Бирок аткаруу бийлигине мындай катачылык кайталанбашы керектигин катуу эскертишти.
Жаңы дайындалган жетекчилердин сап башы биринчи вице-мэр Майрамбек Адылбековдон башталды. Ал депутат кезинде аткаруу бийлигине карата өзү айтып жүргөн көйгөйлөрдү кызматкакелгенден бери чече электигин эскертишти. Андан сырткары, тазалык, жашылдандыруу, суу-канал тармактарын жетектеген башчыларга макулдук берүү алдынан олуттуу сын-пикирилер айтылды.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри тарабынан былтыркы жылдын август айынан баштап 9 ай ичинде шаарда иштеп келаткан 11 жетекчи алмаштырылган. Алардын бешөөсү дайындоо, калган алтоосу конкурс жолу менен келишкен.
Бирок, шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган жобонун бузулушуна аткаруу бийлигинен кимдир-бирөө жоопкерчилик тартабы же ошол бойдон кала береби, бул жагы белгисиз. Деген менен, шаар мэри Мураталы Тагаев буга чейин шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеп, аткаруу бийлигине сын көз менен кароо жагынан алдына киши салдырган эмес. Аткаруу бийлигин башкарып калгандан кийин шаардык кеңешке болгон позициясы дароо өзгөргөн окшойт…