Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш башталгандан бери жалпы коомчулук анын кандай жүрүп жатканына, кандай натыйжа келип чыгарына кызыгып келет. Айрым органдар канча кылмыш иши козголгону, канча киши соттолгону, келтирилген зыяндын канчасы өндүрүлгөнү, коррупциялык схемаларды жоюу боюнча эмнелер жасалып жатканы тууралуу байма-бай маалымат таркатышууда. Бирок, биз күткөн натыйжалар али алдыда.
Кайран матрёшка жана икра
Ушул жааттан алганда башка өлкөлөр коррупцияга каршы кандайча натыйжалуу күрөшкөнү тууралуу маалыматтарды билип коюу ашыкча болбойт. Деген менен, көп аналитиктер Грузиянын мисалын айтышат, андагы президент Михаил Саакашвили баш болгон бийликтеги жаш грузиндер кандайча өз өлкөсүн коррупциянын сазынан сууруп чыгып, экономиканы өнүктүргөнүн үлгү катары жар салышат. Бирок, башка да мисалдар бар, алсак, Сингапур мисалы. Бир кезде коррупция көрүнүштөрү улуттук салт катары каралган бул коом, өлкө азыр дүйнөлүк экономиканын маанилүү субъектине айланган. Алар коррупциядан кантип кутулушканын бир карап көрөлүчү.
Орус журналисти Георгий Зотов Сингапур мисалын жакшылап үйрөнүү үчүн бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигиндеги бир чиновник менен баарлашканы барат. Ага убакыт бөлгөнүнө ыраазылыгын билдирүү максатында матрёшка жана бир банке кызыл икра ала барыптыр. Бирок, тиги чиновник баш чайкап, аларды алуудан баш тартат. Ырас, аларга 100 долларга чейинки белектерди алганга уруксат бар экен, бирок аны үчүн толгон-токой кагаздарды толтурууну мыйзамдаштырып коюшуптур. Анан икраны экспертизага берип, анын так баасын аныкташ керек экен. Анан белек алган кишини суракка чакырышып, бөтөн кишиге коммерциялык маалыматтарды берген-бербегенин такып, аргасын кетиришет тура. Жүз долларга жетип-жетпеген белек үчүн ушунун баары керекпи кишиге?
А бизде болсо, чиновниктерибиз мындай белек алганына жетине албай калышат, анан ал тууралуу ММКларга да оң маанайда, кадимки ийгилик сыңары маалымат таркатышат. Коррупцияга каршы күрөшүп жаткан имишпиз…
Ошентип, орус журналисти алып барган матрёшкеси менен икрасын кайра көтөрүп кеткенге туура келди. Көрсө, эл аралык Transparency International уюму жок жеринен Сингапурду коррупциялык көрүнүштөрү аз учураган өлкө катары баалап, дүйнөдөгү таза өлкөлөрдүн тизмесинде 5-орунга илишпеген экен. Россия 2013-жылдын жыйынтыгы менен араң 127-орунду ээлеген. Бизди айтпай эле коёлу.
А чынында бир нече жылдар мурун эле Сингапурда чиновниктер ойношторун эч кимден айбыкпастан шампанскиге киринтип, врачка кезексиз көрүнүш үчүн баланча доллар төлөп келишкен. Жашоонун бардык чөйрөсү туташ коррупциялашкан эле. Кантип кутулушту?
Пахандар жоголушту
Сингапурлук тарыхый илимдердин доктору Виджай Сингх мырзанын айтымында, өлкөдөгү калктын 75 пайызын кытайлар, калганын малайлар жана индустар түзүшөт. Элдин канга синген тарыхый каада-салтында керектүү кишинин көңүлүн белек-бечкектер менен алуу бекем орногон экен. Чиновниктер болор-болбос иш үчүн да элдин жон терисинен кайыш тилип турушкан. Эл деле буга нааразы болгон эмес, себеби коомдук норма болуп калган. Аналитиктер коррупция азиялыктардын маданиятынын бир бөлүгү катары эсептеп калышкан. Анан ошол кездеги премьер-министр Ли Куан Ю паракордукка каршы күрөш баштаганда сингапурлуктар анын мындай “арзан шоусуна” күлүшкөн.
Бирок, реформалар катуу жана олуттуу башталып кетет: 1970-жылы Ли Куан Ю (ал 1990-жылга чейин иштеген) полициянын толук курамын (!) кызматтан алып салат. Премьер-министр сергек акыл жүгүрткөн экен: эгер киши учуна чыккан паракор болсо, эмгек акыны көбөйткөн менен да аны үйрөнгөн адатынан калтыра албайсың. Деген менен, көптөгөн полицейлер уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн карамагына өтүп калышкан.
Бир ай өткөн соң өлкөдөнуюшкан кылмыштуу топтордун лидерлерин таппай калышат: аларга издөө жарыялашат, бирок табышпайт. Мүмкүн аларды тергөөсүз жана сотсуз эле атып салышкандыр, муну Сингапурдун ички иштер министрлиги дегеле тастыктабайт. Лидерлери жоголгонуна байланыштуу уюшкан топтор тез эле чачырап, жок болуп кетишет.
Абал өзгөрөт, кылмышкерлерден дайын жок, полицейлар пара албай калышат. Азыр Сингапурда укук коргоо органдарына кызматка алууда түмөн-түмөн ымтыкан, шарттар коюлат, кызматка келчү өзүн гана эмес, үй-бүлөсүн, тууган-уругун да текшерип чыгышат. Ошентип, полицейлерабийир менен иштеп калышкан: эгер Сингапурга барсаңыз, полицейлерди текшерип көрсөңүз болот, алар сиздин кайрылууңуз боюнча ишти заматта жана кичи пейилдик менен мыйзамдуу бүтүрүп коюшат.
Досторуңду камап сал!
Сингапур ИИМинин экс-консультанты Абдалла Вахид Шахтын айтымында, Коррупция көрүнүштөрүн иликтөө бюросунун (ККИБ) ишин жакшыртуу да олуттуу кадамдардан болуп калган. Дегинкисинде, бул мекеме Британия колонизаторлору тарабынан 1952-жылы түзүлүп, бирок ал убакта иштемиш гана болгон. Ли Куан Ю тарыхый учкул фразасын айткан экен: “Паракордукка каршы күрөштү баштоо менен биринчи кезекте өзүңдүн үч досуңду түрмөгө отургуз. Эмне үчүн экенин сен да, алар да жакшы билишет”. Анан 1974-жылы парламент эгер чиновник же анын туугандары тапкан кирешесине салыштырмалуу ашкере жакшы жашап жатса, ККИБ иликтөө ишин дароо баштай турган мыйзам кабыл алат.Ага ылайык күнөөсүздүк презумпциясы болбойт, ал аз келгенсип, хансарайын кайсы акчага куруп, “Мерседесин” кайсы кирешеге алганын чиновниктин өзү далилдеп бериши зарыл. Эгерде тапкан кирешесин далилдеп бере албаса, мунун баары автоматтык түрдө пара, мыйзамсыз киреше эсептелинет жана чиновникти сотко беришет. Анан калса, мамлекеттик кызматка кирип жатып, чиновник банк эсебин, аялынын, атасынын, энесинин, бир туугандарынын мүлкүн толугу менен ачык көрсөтөт. Мамлекеттик кызматка кайсы бир тараптан карызы бар, банктан кредит алган кишини эч качан алышпайт, себеби алар коррупцияга ыктап кетиши толук ыктымал.
Министрдин жан кыйышы
Сингапурда коррупция боюнча эң төмөнкү жаза – 100 миң жергиликтүү доллар (3 миллион орус рублине жакын) жазана, мүлкүн конфискациялоо жана 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм.ККИБнын агенттери министрликтерде бат-бат капысынан текшерүүлөрдү уюштуруп турушат, элде муну “өлүк паракорлор сезону” деп коюшат экен. Деген менен, чиновниктерге жакшынакай маяна төлөп турушат. Сингапурда судьялар жылына 1 миллион АКШ долларын маяна катары алышат, жогорку бийликтеги чиновниктердики да ушундай.
Сингапурда кол тийбестик болбойт, жогорку рангадагы чиновниктер камалып турушат. Мисалы, пара бергендердин эсебинен Индонезияда жыргап эс алган айлана-чөйрөнү коргоо министри Тун Бун түрмөгө кетсе, пара менен кармалып калган улуттук өнүктүрүү министри Те Цзиван өз жанын кыюуга аргасыз болгон. Ал эми 2014-жылдын февралында ККИБнын жетекчиси Эдвин Йеонун өзүн да 10 жылга соттошту: көрсө бюронун директору 372 жолу казиного барып, 400 миң доллар казына каражатын уттуруп коюптур. Ал чыгымды ордуна койгону менен аны башка себептен улам соттошкон. Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкер ар бир жолку казиного барганы тууралуу отчет берип, ал жерде чыгымдаган каражатты декларацияда көрсөтүшү милдет. Демек, ал киши муну жасаган эмес.
А биздечи? Боло береби?
Биздин Кыргызстанда качан ушундай болор экен? Чиновниктер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башкалар эптеп-септеп айлык алышат, бирок жашаган үйлөрүн, минген автоунааларын көрсөң, таптакыр башкача. Анан текшере келсең, алардын пайдаланып жүргөн мүлктөрү өзүнүкү эмес, башкалардын атында катталган болуп чыгат. Ал эми өздөрүндө ташбака да жок экенин көрүп, бооруң сыздайт. Баякы жылы бир премьер-министрибиз декларация тапшырганда көрдүк, өлкөдөгү эң бай киши эсептелсе да, кагаз боюнча алганда үрүп чыгар ити жок бир байкуш экен.
Эмнеге бизде коррупцияга каршы Сингапурдагыдай күрөш жүрбөй жатат? Эмнеге биз Сингапурдай таза мамлекеттерден үлгү албайбыз, алар менен ымала түзүп, ошолорго шерик болбойбуз? Качан болсо коррупциянын түбүнө түшүп кеткен өлкөлөргө ыктайбыз. Эмнеге?
Бир кезде Ли Куан Ю “Эгер бийлик адамдары чынчылдыктын үлгүсү боло алышпаса, анда коррупцияга каршы күрөш мүмкүн эмес” деп айтыптыр. Чамасы ал биздин өлкөнү эске ала айткан окшойт, дал бутага тийип туру.
Эркинбек КАМАЛОВ
Жалал-Абад шаары 04.03.2019.