www.versia.kg
Суббота, Декабрь 6, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАДДЫК НУРАЙЫМ ШАХМАТТАН ӨЛКӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

14.01.2020
0 0
2.5k
SHARES
2.4k
Просмотры
Бөлүшүү

Жылдын башында Бишкек шаарында өткөн өспүрүм балдар жана кыздар арасындагы шахмат боюнча чемпионатта Жалал-Абад шаарындагы 7 жашар Нурайым Жакыпова биринчиликти ээледи. Бул тууралуу анын устаты Абабакир Алайев билдирди.

Мелдеш 3-12-январь күндөрү баш калаада өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан 6 жаштан 18 жашка чейинки 220 балдар жана кыздар катышты. Ал эми Жалал-Абад областынан 4 бала катышып, алардын баары Жалал-Абад шаарынан болушту.

Мелдештин жыйынтыгында Нурматова атындагы кыздардын кыргыз-түрк лицейинин 1-классынын окуучусу Нурайым Жакыпова 8 жашка чейинки кыздар арасынан биринчи орунду ээлесе, Курманбек атындагы балдардын кыргыз-түрк лицейинин 4-классынын окуучусу Сулайман Максатбеков балдар арасында 2-орунду ээледи.

-Нурайым бир нече жылдардан бери шахмат ойноо менен алек болуп келе жатат. Буга чейин бир канча республикалык, эл аралык шахмат мелдештерине катышып, байгелүү орундарды ээлеп келди. Буюрса анын келечеги кең, дүйнөлүк шахмат федерациясынын шахмат тартиби менен дүйнөлүк жана эл аралык мелдештерге катышууга укук алды. Анан калса, Нурайым өлкөнүн түштүк аймагынан биринчи жолу өлкө чемпиону болду, түштүк аймагынын шахмат сыймыгы, жылдызы болуп калды. Бул чоң жетишкендик, — дейт устаты, шахмат боюнча СССРдин спортунун чебери, Курманбек атындагы балдардын кыргыз-түрк лицейинин мугалими А. Алайев.

Н. Жакыпованы Бишкектеги бул ири мелдешке апасы, Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин мугалими Зулфия Асилова коштоп барган.

-Өлкөдө таланттуу шахматчы балдар-кыздар көп экен, мелдеш аябай кызуу өттү. Уюштуруучулар абдан сонун даярдык көрүшүптүр. Мен Нурайымдын ар бир жеңишине кубанып, ал үчүн тынчсызданып жүрдүм. Акыры жеңишке жетишти, бизге чоң кубаныч болду, — дейт А. Асилова

Мурдагы пост

ОРУС ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР САНЫ ЭКИ ЭСЕ АЗАЙДЫ

Кийинки пост

ӨЗБЕКСТАНДА ПАЛОО ЖАСООНУН БААСЫ КАНЧА?

Кийинки пост
ӨЗБЕКСТАНДА ПАЛОО ЖАСООНУН БААСЫ КАНЧА?

ӨЗБЕКСТАНДА ПАЛОО ЖАСООНУН БААСЫ КАНЧА?

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In