Өзбек ашканасындагы эң бааланган тамак — палоо жасаганга кеткен чыгымдардын баасы өлкөнүн ар кайсы аймактарында кандай? Муну Өзбекстандын Мамстаткому атайын эсептеп, ар кайсы аймактардагы “палоо индексин” тактады. Көрсө, палоонун баасы Самарканд областында жогору экен. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
“Палоо индексин” аныктоо үчүн Мамстатком рецепт боюнча даярдалган бир килограмм палоонун чыгымдарын негиз кылып алган. Палоого кеткен чыгымдар аны даярдоого кеткен 1 килограмм күрүчтү, 1 килограмм сабизди, 700 грамм уй этин, 300 грамм өсүмдүк майын, 300 грамм пиязды, 100 грамм нокотту (буурчак), 50 грамм мейизди, 10 грамм ачуу кошумчаларды (калемпир), 5-10 грамм аш тузун камтыйт. Деген менен, бул рецептте жасалган палоо бир килограммдан ашып кетерин айтып коюу керек.
Ошентип, бир килограмм палоо даярдаганга кеткен чыгымдар ар башка областтардагы коомдук тамактануучу жайларда аныкталып, палоонун кымбаттыгы боюнча Самарканд областы алдыга чыккан. Ал жакта бир килограмм палоонун баасы 140 миң сум (1 сум 0,0073 сомго барабар, же 1000 сум 7 сом 30 тыйынга барабар), ал эми бир порциясы 20 миң сум экен.
Ал эми Бухара областында бир килограмм палоо 112 миң сум болсо, бир порциясы 16 миң сум. Ташкентте бир килограммы 107 миң сум, ал эми бир порциясы 15,4 миң сум. Эң арзан палоо Наманган областында экен, бир килограммы 74,9 миң сум, бир порциясы 10,7 миң сум. Сурхандарыя областында бир килограммы 81,6 миң сум, бир порциясы 11,6 миң сум. Навои областында бир килограммы 84 миң сум, бир порциясы 12 миң сум. Агенттиктин маалыматта Кыргызстан чектешкен Анжиян жана Фергана областтарында палоо канча экени көрсөтүлбөптүр.
Эскерте кетсек, бул палоо индекси 2019-жылдын декабрындагы баалар менен алынган. Эми Мамстатком палоо индексинин өзгөрүшү тууралуу дайыма калкка кабарлап турмакчы.