www.versia.kg
Вторник, Январь 20, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ОРУС ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР САНЫ ЭКИ ЭСЕ АЗАЙДЫ

14.01.2020
0 0
0
SHARES
145
Просмотры
Бөлүшүү

Дүйнө боюнча 2018-жылы орус тилин үйрөнүүчү чет элдиктердин саны эки эсе кыскарып кеткен. Бул тууралуу Россиянын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Социологиялык изилдөөлөр борборунун докладында айтылганын РБК жазып чыкты. Анда айтылгандай, орус тилине болгон кызыгуу барган сайын азайып бара жатат.

Алынган маалыматтарга караганда, азыркы кезде дүйнөгө таралышы боюнча орус тили 10-орунда турат да, аны 27 мамлекетте үйрөнүп жатышат. Эгер 1990-жылдардын башында дүйнөдөгү 74,6 миллион киши орус тилин үйрөнгөн болсо, 2018-жылы анын саны араң гана 38,2 миллионго жеткен. Мурдагы СССРдин өлкөлөрүн эске албаганда орус тилин үйрөнгөндөрдүн саны дүйнө боюнча 20 миллиондон 1 миллионго түшүп кеткен. Айрыкча бул Чыгыш Европада жана Балкан өлкөлөрүндө байкалат. Ал жакта 1990-жылы 38 миллион киши орус тилин окуса, 2015-жылы анын саны 8 миллионго азайып кеткен.

Мурдагы СССРдин өлкөлөрүндө да орус тилинде сүйлөөчүлөр саны кескин азайган, тактап айтканда, 119,5 миллиондон 82,5 миллионго кыскарган. Бирок, орус тилинде сүйлөгөндөр саны АКШда, Канадада, Австралияда жана Жаңы Зеландияда 1,2 миллиондон 4 миллионго көбөйгөн. Бул Россиядан жана мурдагы СССРдин өлкөлөрүнөн эмиграцияган кеткендердин балдарынын эсебинен болуп жатканы айтылат. Эксперттер 2025-жылы дүйнө калкы 8 миллиард болсо, алардын 2,7 пайызы же 215 миллиону орус тилинде сүйлөшөрүн болжолдошот.

 

Мурдагы пост

АЛТЫ ЖЫЛДАН КИЙИН РОССИЯНЫ ТАШТАНДЫЛАР КАПТАЙБЫ?

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАДДЫК НУРАЙЫМ ШАХМАТТАН ӨЛКӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАДДЫК НУРАЙЫМ ШАХМАТТАН ӨЛКӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

ЖАЛАЛ-АБАДДЫК НУРАЙЫМ ШАХМАТТАН ӨЛКӨ ЧЕМПИОНУ БОЛДУ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In