Жалал-Абад шаарын түштүк чөлкөмдөгү шахматчылар шаарына айландырууга толук мүмкүнчүлүктөр бар экен. Бир гана аракет жана колдоо болсо, анын келечегинен шек санабаса болот, дейтСоюз мезгилинде шахмат боюнча спорттун мастерлигине кандидат даражасына жеткен, азыркы жаш шахматчылардын машыктыруучусу, шаар тургуну Абабакир Алайев. Анын айтымында, балдарыбыз бул оюнга кызыгып, ар кайсы мелдештерде шаардын атын чыгарганга даяр. Болгону көңүл буруу гана жетишсиз.
А. Алайев бизге шаардын жаш шахматчыларынын жасап жаткан ийгиликтери тууралуу айтып берди. Быйыл 4-13-январь күндөрү Бишкек шаарында жаш балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча мелдештер өтүп, ага 6 жаштан 18 жашка чейинки шахматчы балдар-кыздар катышышкан. Республика боюнча бул мелдештерге 623 жаш шахматчылар күч сынашышса, Бишкектин өзүнөн эле 500 бала катышкан. Бирок, бир гана өкүнүчтүү жери – өлкөнүн түштүк аймактарынан болгону 15 гана жаш шахматчы балдар катышыптыр. Ал эми Жалал-Абад областынан 4 бала барса, алардын баары Жалал-Абад шаарынан гана. Башка аймактардан эч ким барган эмес.
-Ооба, бизден 1 кыз менен 4 бала барды. Мелдештерге жакшы катышышты, бирок ийгилик баарына эле келе берген жок. Анткени борбор жакта шахматты күчтүү ойногон балдар көп болот. Биздин шаардан барган алты жашка толо элек Жакыпова Нурайым жалпы республикалык биринчиликте 3-орунду ээледи. Бул жаман эмес көрсөткүч болду, машыктыруучу катары мен деле кубанып калдым. Буюрса, ушул Нурайым кызыбыздан кийин өлкөгө таанымал күчтүү шахматчы чыгат деп турам. Албетте, аны үчүн көп аракет жасаш керек, — дейт А. Алайев.
Ошол эле мезгилде республикалык мелдештен башка да Бишкек шаарынын кубогу үчүн да мелдеш кошо өткөн. Жалал-Абад шаарынан барган балдар ага да катышып, чоң ийгилик жаратышканы кубанычтуу. Алты жашка чейинкилер арасында Жакыпова Нурайым 1-орунду жеңип алса, дагы бир 8 жашар Курумбеков Марат 3-орунду ээлеген. Экөөнө тең шаардын кубогу, жеңиши тууралуу сертификаттар жана байгелүү орунду тастыктаган дипломдор берилген. Ошентип, бул кичинекей шахматчылар Жалал-Абад шаарынын атын чыгарышып, намысын коргошкон.
Албетте, бул абдан жакшы жаңылык жана шахмат чөйрөсүндө өлкөбүздө кандайдыр бир аракеттер болуп жатканын билдирип турат. Эгемендик алгандан бери өлкөбүздөгү болгон кыйынчылыктар, азыноолак алга өсүүлөрдүн арты менен спорт тармагында да кыйла жандануулар байкалат. Мисалы, күрөш, көк-бөрү, футбол жана кала берсе хоккей жагынан да жакшы жетишкендиктердин күбөсү болуп келатабыз. Бирок, шахмат жагынан өлкөдө кыйла артта калуу бар экенин жашырууга болбойт. Бизге караганда башка өлкөлөрдө шахматка жакшы маани берилип, эл аралык шахмат мелдештеринде ошол өлкөнүн аты аталып, жаш шахматчылар байгелүү орундарды камсыз кылышууда.
-Дүйнөгө көз чаптырсак, азыр илимий-техникалык, санариптик технология өтө өнүгүп баратат. Дүйнөдө маалыматтык агым, анын көлөмү эбегейсиз көбөйдү, кай жакты карасаң эле маалымат агымын көрөсүң. Ошонун айынан азыркы балдар даяр нерсеге үйрөнүп, китеп окуганды, аналитикалык ой жүгүрткөндү билбей калышууда. Баары эле комфортту каалашат. Логикалык ой жүгүртүү начар, мунун баары коомго, мамлекетке таасир этет. Ошондуктан, өнүккөн, эртеңки күнүн ойлогон мамлекеттер коомду өнүктүрүү максатында шахматты мектеп программасына окуу предмети катары киргизип жатышат. АКШда, Европада, Японияда, бери эле келсек Россия менен Арменияда, кошуналарыбыз Казакстан менен Өзбекстанда ушундай. Себеби шахмат балдардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн калыптандырат, логикалык жактан өнүктүрөт. Кала берсе, компьютер, интернет кууп, башка пайдасыз, зыяндуу нерселерге алаксыбай, жүрүм-туруму да жакшы жагына өзгөрөт. Көчө таптап, терс чөйрөгө кирип кетпейт. Келечекте нормалдуу ой жүгүртө алган жарандар калыптанат, — дейт А. Алайев биз менен болгон маегинде.
Кантсе да, шахмат чөйрөсүн өнүктүрүүгө көп каражат кетпейт, болгону азыраак көңүл буруу жетиштүү. Мисалы, эл аралык стандарттагы нормалдуу стадиондун наркы бери болгондо 100 миллион, ары кетсе 1 миллиард долларды чапчыйт. Бир ат майданын куруунун өзү канчалык чыгым экенин билебиз. Анча чоң эмес жай бөлүп, балдардын шахмат клубун ачса болот жана анын филиалдарын мектептерде жайылтып, балдарды жалпысынан шахматка тартса болот. Бул өтө кыйын, машакаттуу иш эмес, бирок шаарга албан пайда, аброй алып келери түшүнүктүү. Муну ат-энелер да колдошмок, себеби ар бир ата-эне балдарын ойлойт.
Азыр Жалал-Абад шаарында футбол командасын түзүү, мелдештерге катышып, шаардын атын чыгаруу аракеттери болуп жатат. Албетте, бул оңой иш эмес, ага көп каражат жана эмгек керек. Мамлекеттен да, коомчулуктан, айрыкча жеке ишкерлерден көп салым болуусу абзел. Ал эми Жалал-Абад шаарында шахмат тармагын жолго коюуга андай көп аракеттин кереги жок. Болгону шаарда балдардын бир шахмат клубун ачып, филиалдарын мектептерге жайылтса жетиштүү. Ар бир мектепке эч болбосо он шахмат тактасын алып берүү, шахмат теориясын жакшы билген бир адисти аптасына бир-эки күнгө тартуу канчалык каражатты талап кылмак эле.
-Өлкөдө шахмат кыймылы башталды, кубанычтуу нерсе. Айттым го, республикалык мелдешке Бишкектен 500 бала катышты деп. Демек, борбордо бул иш менен алек болуп атышат. Ушундай эле шахмат кыймылы азыр Ысык-Көл аймагында да колго алынып жатыптыр. Биздин Жалал-Абаддан республикалык мелдешке 4 гана бала барганы эмнени айтып турат? Түштүк аймагынан болгону 15 бала барганычы? Муну ойлонуш керек, өтө өкүнүчтүү, кейиштүү көрүнүш. Биз тезинен колго алышыбыз керек муну, областтын, аймактардын жетекчилери буга маани берип, демилге көтөрүп, демөөрчүлөрдү тартышса, шахмат кыймылы тез эле жанданып кетет, — дейт А. Алаев.
Ал эми маектешибиз Жалал-Абад шаарындагы “Билимкана” мектебинде шахматтан сабак берип келет. Кесиби — врач, пенсионер, илгери Союз убагында Ташкентте окуп, шахмат боюнча СССРдин спортунун мастерлеринен сабак алган. Шахмат боюнча спорттун мастерлигине кандидат. Жогорудагы ийгилик жараткан шахматчы балдар – анын окуучулары. Өзү шаарда шахмат мектебин ачып, жаш балдарды ушул интеллектуалдуу оюнга тарбиялап келет. Буюрса анын тарбиялануучуларынын арасынан өлкөнүн атын алыска чыгарган таланттуу шахматчылар чыгат деп ишенебиз.
Тазагүл ШАМШИЕВА,
журналист.