Жалал-Абад шаарынын бийликтери дагы бир “инновациялык” ишти башташты. Бул жолкусунда жогорку чыңалуудагы электр түркүктөрү орнотулуп, чубалгылары тартылган аймакка шаар тургундары бал-чакасы менен чыгып, эс алуучу сквердин курулушун башташты. Бул биринчи кезекте мында келип эс алуучулардын коопсуздугуна туура келбеген иш болот дешет энергектиктер менен мамэкотехинспекциянын адистери.
Жалал-Абад шаарынын “СМУ шаарчасы” аталышындагы аймагында илгери шаар бийлиги элге арзан айыл чарба продуктыларын сатуучу дыйкан базарын уюштурган эле. Ага жергиликтүү бюджеттен кыйла каражаттар жумшалган, эл (президент) көрсүнгө керней-сурнай чалынып, ачылышы да зор салтанат менен жасалган. Бирок, ошол кездеги шаар жетекчилеринин шалаакылыгы менен ал базар кийин иштебей, соода кылганы эч ким барбай кала берген. Эми ошол каралбай калган базарды бойлото эс алуучу сквер куруу иштери жүрүп жатат.
Кызык жери, ал аймакта “Жалалабатэлектро” ачык акционердик коомуна караштуу 35 киловатт-саат чыңалуудагы электр чубалгылары төрт чоң түркүккө тартылган. Ал чубалгылар аркылуу областтык клиникалык оорукананы жана шаардагы мекеме-ишканаларды, ошондой эле Сузак районунакараштуу айылдарды электр кубаты менен камсыз кылышат. Эгер ошол чубалгыларды бойлото эс алуу скверин курса, бул коопсуздук талаптарына жооп бербей калат. Ошондуктан да “Жалалабатэлектро” компаниясы бул курулушту токтотуу зарылдыгын билдирип, Мамлекеттик экологиялык-техникалык көзөмөлдөө инспекциясынын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча башкармалыгына расмий кат жолдогон.
Ал эми аталган башкармалык курулушка уруксат берилбей турганын билдирип, шаардык Курулуш департаментине расмий кат жөнөтөт, шаардык Курулуш департаменти долбоорго тийиштүү өзгөртүү киргизилгенин билдирет, курулуш иштери токтогон жок. Эми мындан ары да коюлган талаптан майнап чыкпаса, Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгы бул маселени чечүү жагын тийиштүү мамлекеттик органдарга өткөрүп бермекчи.
Ошентип, эс алууга кооптуу делген жайда шаардыктардын эс алуусу үчүн сквердин курулушу уланууда. Бул жерге 108 түп кайыңдын көчөтү отургузулган. Энергетиктер бактар өсүп, кийин чубалгыларга тоскоолдук келтирет дешсе, шаар бийликтери аларды улам бутап турушарын айтышат. Ал эми бул сквердин курулушуна шаар казынасынан 5 миллион сом бөлүнүп, тендердик наркы 3 миллион 100 сомго бааланды. Куруучулар ишти 10-июлга карата бүткөрүп, пайдаланууга беришмекчи.
Эми эмне болору белгисиз: элдин коопсуздугун ойлогон тийиштүү мамлекеттик органдардын мыйзамдуу талаптары аткарылып, сквердин курулушу токтойбу же шаар бийликтери баштаган курулушту аяктап, жогорку чыңалуудагы скверди пайдаланууга беришеби? Аны убакыт көрсөтөт.