Жалал-Абад шаарыкүн санап өсүп-өнүгүп баратканы тууралуу маалыматтарды дембе-дем таркатып жатышат. Чынында эле илгерки союз убагынан бери эскирип калган тар көчөлөр, башка да ар кайсы объекттер жаңыланууда. Буга жергиликтүү бюджеттен көп каражаттар жумшалууда. Максат – 150 миңден ашуун эли бар областтын борборун заманбап шаарга айландыруу, калкка ылайыктуу жакшы шарттарды түзүү.
Бирок, бул жергиликтүү бийликтерди аткара турган ишинин бир жагы. Ошол эле кезде бийликтер социалдык саясатты, социалдык адилеттик багытындагы иштерди да тынымсыз жүргүзүүгө тийиш. Анткени Кыргыз Республикасындагы кабыл алынган мыйзамдар бардык жарандарга бирдей жакшы шарттарды түзүү талабын койгон. Тилекке каршы, мындай жакшы талаптар иш жүзүндө аткарылбай кала берүүдө.
Мисалга алганда, Жалал-Абад шаарында жардамга муктаж аярлуу үй-бүлөнүн балдары эс алуу бактарында акысыз ойноп, эс ала алышпайт. Ал эми шаар мэриясы жылына бир жолу гана 1-июндагы балдарды коргоо күнүнө карата акысыз эс алуу уюштуруп, шириндиктерди таркаткан болот. Бирок, майрамдан башка күндөрү деле аярлуу катмардагы жаш балдарды ойнотуу, эс алдыруу үчүн эс алуу бактарындагы оюндар, аттракциондор акысыз болбойт. Ага ата-энелердин капчыгынан бир далай чыгымдар кетет.
Алсак, Жалал-Абад шаарынын борборунда жайгашкан Токтогул эс алуу багына шаардын бардык аймактарынан, кала берсе жакынкы район-шаарлардан да келип, эс алып кетишет. Албетте, эс алуу багында жөн гана бактын ичинде басып, же отургучтарда теребелге көз таштап отуруп кеткени келишпейт. Эң негизгиси, жаш балдарды ээрчитип, аларды кызыктырган ар кайсы аттракциондордо ойнотуп кеткиси келишет. Чынында бул эс алуу багында балдар кызыккан аттракциондор да аз эмес. Бирок, бир баланы ойнотуп кетүү үчүн ата-энелердин капчыгында болбоду дегенде 500 сом акча болушу ылаазым, себеп дегенде бир баланы бир аттракциондо 5 минута эле ойнотсоңуз, ага 50 сом төлөйсүз.
Токтогул эс алуу багында балдар ойноочу 50дөн ашуун оюндун түрү бар. Аларды жеке ишкерлер уюштуруп, ушул аркылуу киреше табышат. Бирок, ал ишкерлер аярлуу үй-бүлөнүн балдарын алган кирешесинин эсебинен акысыз тейлегиси келишпейт. Алардын айтымында, балдар ойноочу жайдын ижарасын төлөө керек, ошол эле кезде киреше да дайыма туруктуу боло бербейт. Мисалы, балдар минип ойноочу оюнчук автомашинанын ар бирине 600 сомдон ижара акы бериш керек. Ал эми мындай оюнчук автомашиналарды пайдаланып, киреше тапкысы келген ишкерлер саны да бул жерде аз эмес, атаандаштык курч. Ошондуктан да ала турган киреше кеткен чыгымдарды көп жаба албайт.
Атайын Ноокен районунан баласын ойнотуп кетүү үчүн келгенГүлжан Белекова балдар ойногон аттракциондордун баасы кымбат экенин айтат. Себеби, башкалар деле балдарынын көңүлүн улап, ага окшоп алыстан келишет. Жол чыгымы кетет, андан соң тамак-ашка төлөшөт. Атайын алыстан келген соң балдары көбүрөөк ойношу үчүн көбүрөөк аттракциондордон пайдаланып калгысы келет. Бирок, мунун баарына акча төлөш керек, акысыз эч нерсе жок.
Кошуна аймактарда балдар ойноочу эс алуу бактары жок болгондуктан, алар шаарга келүүгө аргасыз. Сузак районунун Ырыс айыл аймагына караштуу №2 “Наристе” балдар бакчасынын тарбиячылары да балдардын көңүлүн ачып кетүү үчүн 18 баланы шаарга алып келишкен. Бул ар бир балага 500 сомдон эсептегенде кыйла чыгымдууиш, бирок алар ата-энелер менен сүйлөшүп, алардан кошумча акча жыйнашкан. Антпесе балдарды шаарга алып келип, эс алдырууга мүмкүн эмес.
Азыркы учурда Жалал-Абад шаардык Муниципиалдык менчик башкармалыгынын карамагындагы «Жеңиш» жана «Токтогул» эс алуу бактары бар. Ал жерден түшкөн ижара акыларынын эсебинен жыл сайын шаар казынасына 2 миллион сомдон ашуун киреше түшөт. Бирок, келишимге ылайык аталган башкармалык ишкерлердин ишине кийлигише албайт, алардын аттракцондорунун тейлөө наркын аныктап бере алышпайт. Ал бааларды кеткен чыгымдарына жараша ишкерлер өздөрү коюп алышат.
Ошентип, шаардагы эс алуу бактарында балдар ойноп, эс алуу үчүн ата-энелеринин социалдык абалы, башкача айтканда, капчыгы туруктуу болушу керек. Апта сайын балдарын эс алдырган ата-эне ай сайын бир топ акчасын коротууга мажбур. Ал эми мындай учурда калктын жардамга муктаж аярлуу катмарынын балдары кантет? Балдарынын эс алуусуна тыйын корото албаган ата-энелер кандай арга жасашат? Ал эми шаар мэриясы тарабынан 1-июнь күнү уюштурула турган майрамдык иш-чараларга шаардагы бардык балдарды толук катыштырууга мүмкүнчүлүк жок.
Дагы бир кызык жери –эс алуу бактарын пайдалануудан жылына түшүп жаткан 2 миллион сомдон ашуун киреше конкреттүү кайда жумшалат? Мисалы, эс алуу бактарында эки гана эки гана штаттык бирдик — кароолчу жана тазалоочу кармалат экен. Албетте, кароолчу ошол ишкерлердин техникалык каражаттарын, оюнчуктарын корусун дейли, ал эми тазалоочу санитардык абалына көз салат. Бирок, айрыкча дем алыш күндөрү массалык келип ойногон балдардын, эс алуучулардын коопсуздугун караган күзөтчү деген штаттык бирдик каралбаптыр, себеби бюджетте каражат жетишпейт экен. Эми аны, буюрса, 2020-жылы карамак болуп жатышат.
Биз башында белгилеп кеткендей, бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарынын калкынын жардамга муктаж аярлуу катмарынын балдары үчүн шаарда эс алуучу шарттар түзүлбөгөн. Бирок, жергиликтүү бийликтер бул маселени кандай да болбосун карап, муктаж ата-энелердин балдарынын көңүлү үчүн маал-маалы менен акысыз эс алуу чараларын уюштуруусу тийиш.
Тазагүл ШАМШИЕВА,