Быйыл 17-январь күнү Жалал-Абад шаарындагы “Мөл-Мөл” эс алуу-мейманкана комплексинин конференц-залында Бишкектеги “Журналисттер” коомдук бирикмеси Жалал-Абад областындагы массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери арасында жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу аталган коомдук бирикмеден билдиришти.
Бул жолугушууга “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси, белгилүү журналист Марс Тулегенов, “ЖМКлар менен журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг” долбоорунун координатору, белгилүү медиа-эксперт Марат Токоев, Кыргыз Республикасынын Медиа-өкүлү, медиа-юрист Акмат Алагушев катышары белгилүү болду.
Жолугушууда борбордон келген меймандар жергиликтүү журналисттерге быйылкы жылы коомдук бирикме тарабынан ЖМКлардын жана журналисттердин кесиптик укуктарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин сегиз айлык жыйынтыктары тууралуу кеп салышат. Ошондой эле журналисттердин коопсуздугу, кесиптик этикасы жана башка маанилүү маселелер боюнча талкуулар жүрөт, суроо-жооптор уюштурулат.
Мындай жолугушуулар өлкөнүн бардык областтарында уюштурулууда. Буга чейин өткөн жылдын 3-декабрында Талас шаарында, 19-декабрында Нарын шаарында, ал эми 20-декабрда Каракол шаарында өткөн. Өлкөнүн түштүк аймагындагы жолугушуулар адегенде Баткен шаарында 16-январда башталып, 18-январда Ош шаарында аяктайт.
Эске сала кетсек, быйылкы жылы “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен 8 ай бою “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарабынан ЖМКлар жана журналисттердин укуктарынын бузулушуна мониторинг жасалды.