www.versia.kg
Вторник, Январь 20, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

АЛТЫ ЖЫЛДАН КИЙИН РОССИЯНЫ ТАШТАНДЫЛАР КАПТАЙБЫ?

14.01.2020
0 0
0
SHARES
321
Просмотры
Бөлүшүү

Эгер Россиядагы таштандылардын көлөмү азыркыдай темп менен көбөйүп отурса, анда дагы алты жылдан соң турмуш-тиричиликтен чыккан таштандыларды алып чыгаарга жай калбай калат. Бул тууралуу Россиянын Эсеп палатасы “Экология” улуттук долбооруна жасаган мониторингдин жыйынтыгында билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Аудиторлордун баамында, коммуналдык таштандылардын көлөмү тездик менен өсүп бараткандыктан дагы алты жылдан кийин аларды жайгаштыруу үчүн полигондун табылышы көйгөйлүү болуп калат, ал эми айрым аймактарда мындай абал ага чейин бат эле пайда болушу мүмкүн. Атап айтканда, Камчатск, Приморск, Алтай аймактарында, Чукотск автономиялык областында, Мордовия Республикасында, Ленинград жана Москва областтарында таштанды полигондору жакынкы мезгилдерде эле калдыктарга толуп бүтөт. Ошондуктан бул жагдайды болтурбоо үчүн алдын алуу зарыл.

Деген менен, экологдор Россиядагы негизги көйгөй таштанды эмес, пайдалуу кендерди иштетүүдөн кийинки келип чыгуучу калдыктар экенин айтып жатышат. Эсеп палатасы мындай жыйынтыктарды экологиялык коопсуздук боюнча улуттук стратегиянын маалыматтарына таянып чыгарууда. Андагы маалыматтарга караганда, Россияда жыл сайын 4 миллиард тонна өндүрүш жана керектөө калдыктары пайда болуп жатса, анын ичинен 55-60 миллион тоннасы коммуналдык калдыктар эсептелет.

Кептин баары таштандылар менен калдыктардын экинчи жолу кайра иштетилбей жатышында экен. Аргасыздан үлкөн көлөмдөгү калдыктар менен таштандылар өлкө аймагындагы 4 миллион гектарды ээлген 15 миңдей полигондорго төгүлөт. Ал эми полигондордун аянты жыл сайын 300-400 миң гектарга кеңейүүдө.

Мурдагы пост

ЖАЛАЛ-АБАД: “ЖУРНАЛИСТТЕР” КООМДУК БИРИКМЕСИ ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРӨТ

Кийинки пост

ОРУС ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР САНЫ ЭКИ ЭСЕ АЗАЙДЫ

Кийинки пост
ОРУС ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР САНЫ ЭКИ ЭСЕ АЗАЙДЫ

ОРУС ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР САНЫ ЭКИ ЭСЕ АЗАЙДЫ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In