Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан шаар тургуну Б.И. багып жүргөн баланын өздүгү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу коомдук укуккоргоочу Шарап Абдыкадыров билдирди.
Маалым болгондой, 2016-жылы 2-мартта Жалал-Абад шаарынын тургундары Ш. Абдыкадыров, Ж. Эргашов жана С. Кадырова областтык прокуратурага арыз менен кайрылышып, шаар тургуну Б.И. “өзүм төрөдүм” деп, эч кандай документи жок бир жарым жаштагы баланы багып жатканын, бирок бала аныкы эместигин билдирүү менен бул фактыны текшерип берүүнү өтүнүшкөн.
Арыз Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгына жиберилип, кылмыштарды каттоо китебине 2016-жылдын 24-мартында №60 саны менен катталган. Арыз боюнча Жалал-Абад ОИИБнын Тергөө кызматынын мурдагы башчысы М. Исагалиев жана тергөөчүлөр Б. Маматалиев, С. Султанов, ошондой эле КР ИИМнин Тергөө кызматынын Ош шаардык бөлүмүнүн улук тергөөчүсү А. Абиев тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен бир нече ирет иш козгоодон баш тартылган. Кабыл алынган бул чечимдердин мыйзамдуулугу Жалал-Абад, Ош областтык прокуратуралары жана КР Башкы прокуратурасы тарабынан көзөмөл иретинде окулуп чыгып, бир нече ирет бузулган.
Тактап айтканда, бул иш боюнча материал Жалал-Абад областынын прокуатурасы тарабынан 2018-жылдын 28-декабрында көзөмөл иретинде окулуп чыгып, КР ИИМнин Тергөө кызматынын Ош шаардык бөлүмүнүн улук тергөөчүсү А. Абиев тарабынан акыркы жолу 2018-жылдын 27-январында кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтому жокко чыгарылып, материал Жалал-Абад ОИИБнин Тергөө кызматына кошумча текшерүүгө жөнөтүлгөн. Бирок, текшерүү үстүртөн жүргүзүлүп, жыйнытыгы менен Жалал-Абад ОИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү Н. Закиров тарабынан 2019-жылдын 14-январында кылмыш ишин козгоодон баш тартуу токтому кабыл алынган.
Ошентип, Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 23-февралында тергөөчү Н. Закиров тарабынан кабыл алынган токтом жокко чыгарылып, арыз боюнча көрсөтүлгөн факты областтык прокуратуранын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өңдүрүш ишин жүргүзүү үчүн материал Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматына жиберилди.
-Биз баланын кайдан алынганын, кимдин баласы экениндигин, ал кантип бирөөнүн колуна түшүп калганын текшерүүнү суранганбыз. Бала эч бир документсиз болсо, демек, бул жерде мыйзам бузулган болушу мүмкүн. Ага кимдер аралашканын да тактоо зарыл. А балким бала уурдалгандыр, аны да текшерүү керек. Ушул арызыбыз 2016-жылдан бери тергөө кызматтары тарабынан үстүртөн каралып, нормалдуу текшерилбей, такталбай, биздин өтүнүчүбүз канааттандырылбай келаткан эле. Эми областтык прокуратуранын тапшыруусу менен шаардык ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы иш алып барууда. Биз мыйзамдуу жыйынтык чыгышын күтөбүз, — дейт укук коргоочу Ш. Абдыкадыров.