Эгер жаран мамлекеттик чыккынчылык, террорчулук жана сепаратизм үчүн соттолгон болсо, анда ал жарандыктан чыгарылат. КР Юстиция министрлиги жарыялаган “Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратуу жөнүндө” конституциялык мыйзамында ушундай жоболор каралган. Бул тууралуу өткөң айда айрым сайттар жазып чыгышкан.
Мыйзам долбоору курамына Жогорку соттун, Ички иштер министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү кирген ведомстволор аралык жумушчу топ иштелип чыккан.
Мыйзам долбоорунда жарандыктан ажыратуу террорчулук ишмердигин каржылоо же ишке ашыруу, террордук дарядыктан өтүү, чет элдик мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттерине катышуу, мамлекеттик чыккынчылык, бийликти күч менен басып алуу, экстремисттик уюм түзүү жана жалдануучулук аракеттери үчүн жургүзүлөрү көрсөтүлгөн.
Жогоруда саналган кылмыш аракеттери үчүн сот кылмышкерди КР жарандыгынан ажыратуу менен анык бир мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасын чегерет. Ал эми мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, бул жоболор Конституцияга жана башка нормативдик актыларга, ошондой эле эл аралык келишимдерге каршы келбейт.