
Дүйнөдө аялдар сан жагынан азайып баратканы тууралуу социалогдор сенсациялуу маалыматтарды таркатып жатышат. Алынган маалыматтарга караганда, азыр 23 миллион аял жетишпейт экен. Бул тууралуу дүйнөлүк бир катар сайттар жазып чыгышты.
“АКШнын улуттук илимдер академиясынын эмгектери” (PNAS) журналында кызыктуу изилдөөлөдын жыйынтыктары жарыяланган. Ага ылайык, дүйнөнүн 12 өлкөсүндө кыздар чейрек төрөлүшөт экен. Атап айтканда, мындай көрүнүш Индияда жана Кытайда даана байкалат, анткени 1970-жылдан 2018-жылга чейин Индияда 11,9 миллион, ал эми Кытайда 10,6 миллион кыз балдар жетишкен эмес.
Ушундай демографиялык тең салмактын бузулушу аталган өлкөлөрдө көбүрөөк байкалган. PNAS журналында жазылгандай, Индия менен Кытайда жер шарындагы калктын 38 пайызы жашап турат. Демек, дүйнө боюнча кыздардын санынын жетишсиздигине ушул эки өлкө себептүү болуп калат.
Деген менен, Кытайда селективдик (тандап алуу) аборту кеңири таркаган. Ал жакта экиден ашык бала төрөөгө тыюу салынган.
