Жалал-Абад областында быйылкы жылдын биринчи кварталында темир жол аркылуу жүк ташуу көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла артты. Бул тууралуу Өкмөттүн областтагы өкүлчүлүгүндө өткөн жыйында белгилүү болду.
“Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын түштүк бөлүмү тарабынан быйылкы биринчи кварталда 38012 тонна жүктөр тартып келинип, 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26 миң 831 тоннага өскөн. Ошондой эле 50 миң 598 тонна жүктөр жөнөтүлүп, жүктүн көлөмү 10 миң 684 тоннага көбөйгөн.
Ал эми областтагы биринчи кварталдагы автоунаа менен жүк ташуунун көлөмү481,1 миӊ тоннага жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 105 пайызга өскөн. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 185 миллион жүргүнчү-километрди түзүп, өсүү темпи 104,5 пайызга жетти.