Эми Россиянын 7 миллион жараны сот органдарынын чечими менен өздөрү жашаган турак жайлары үчүн 130 миллиард рублди төлөп бериши зарыл. Жашаган турак жайы үчүн акысын өндүрүү боюнча берилген өткөн жылкы доо арыздардын айынан ушундай абал келип чыккан. Бул тууралуу ТАСС маалымат таркатты.
Маалыматка караганда, өткөн жылы Россия боюнча берилген 17 миллион доо арыздардын 6,7 миллиону турак жай электр энергиясынын, жылуулуктун акысын өндүрүү багытында болгон. Мындан беш жыл мурун мындай доо арыздар саны 2,14 миллион, он жыл мурда – 1,47 миллион гана болчу. Демек, коммуналдык акыларды төлөө жагынан акыркы кездерде көйгөйлөр жаралган.
Соттор 6,6 миллион доо арызды карап, анын 99 пайызын канааттандырган жана коммуналдык акыларды өндүрүү суммасы 134,5 миллиард рублден ашып кеткен. Бул мындан он жыл мурдагыга салыштырмалуу 10 эсе көп сумма эсептелет. Ал эми сот канааттандырган доо арыздардын 5,7 миллиону 50 миң рублга чейинки, 365 миңи 100 миң рублга чейинки, 153 миңи 300 миң рублга чейинки суммалар үчүн берилген эле. Ошондой эле 16 миң карызкорлор турак жай-коммуналдык тейлөө үчүн 500 миң рублга чейин, 1,8 миң карызкор 1 миллион рублга чейин, ал эми 521 карызкор 1 миллион рублдан ашуун сумманы төлөөгө милдеттендирилди.
Анан дагы кошумчалай турган нерсе, бул жолкусунда турак жай акысы боюнча доо арыздар саны башка маселелер боюнча доо арыздар санынан кыйла көптүк кылды. Деген менен, акыркы 10 жылда турак жай акысына доо арыздар 4 эсе өссө, насыялар менен алынган карыздар боюнча доо арыздар саны дээрлик 10 эсе өскөн. Он жыл мурда доо арыз боюнча өндүрүлгөн карыз суммасы 106 миллиард рубль болсо, 2018-жылы ал 852 миллиард рублге жетти.