www.versia.kg
Пятница, Апрель 17, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАД: ШААР ТУРГУНДАРЫ МЭРИЯГА НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРИШТИ

23.09.2020
0 0
0
SHARES
352
Просмотры
Бөлүшүү

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кайдыгер жана жоопкерсиз мамилесинен улам шаардагы “Курорт-подхоз” участкасынын 20дан ашуун кожолук тургундары баш паанексиз калуу коркунучунда турушат. Бул тууралуу мэриянын алдына нааразылык билдирип келген шаар тургундары маалымдашты.

Кечээ, 23-сентябрь күнү аталган участканын тургундары шаар мэриясынын алдына келишип, шаар бийликтери алардын тагдырына кайдыгер мамиле жасап жаткандыктары үчүн нааразылыгын билдиришти. Шаар тургуну Абдисатар Досбаевдин айтымында, “Курорт-подхоз” участкасы адырда жайгашып, жер көчкү коркунучу мурдатан эле болгон. Тургундар бул боюнча жергиликтүү бийликке 1997-жылы кайрылышып, башка коопсуз жактан жер участкаларын берүүнү суранышкан, бирок бийликтер көңүл бурган эмес. Кийин гана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги участканы жашоого кооптуу деп таап, башка жакка көчүрүү маселесин козгойт да, шаар бийлиги 2013-жылы “Жеңиш” кичи шаарчасындагы кайракы жерден участка ажыратуу менен жеңил конструкциядагы дачалык там салууга уруксат берген. Ошондой эле документтерди, жерди, долбоорлорду даярдоо, зарыл инфраструктураны (электр, жол, суу) түзүү чыгымдарын да тургундардын мойнуна салган, эч кандай камкордук көргөн эмес. ӨКМ кожолуктарга 50 миң сомдон ссуда берүү менен чектелген, ал сумма эч нерсеге жетпестиги эч кимди ойлондурбаган. Ошонун кесепетинен кожолуктардын басымдуу көпчүлүгү жаңы участкага көчө алган эмес.

-Эми мэриянын арызы менен шаардык сот бизди мажбурлап көчүрүү жөнүндө чечим чыгарды. Биз областтык сотко арыздандык эле, ал 6-октябрда каралмай болду. Эгер областтык сотто шаардык соттун чечими күчүндө калтырылса, анда бизди мажбурлап көчүрүшөт. Бирок каяка? Күздүн экинчи айы аяктап баратат, кыш жакын калды. Биз кайда барабыз? Бул тууралуу шаар мэриясынын башы ооруган жок. Биз бийликтерден адилеттикти күтөбүз, Кыргыз Республикасы өз жарандарына мындай мамиле жасаганы туура эмес, — дейт Абдисатар Досбаев.

Шаар мэриясы азырынча маселени кайра карап чыгууга, тургундарга кам көрүүгө убада берип жатат. Бирок, чындап эле камкордук көрөбү же жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Ал эми “Курорт-подхоз” участкасынын тургундары жогорку бийликтерге кайрыла тургандыктарын айтышты.

Мурдагы пост

ДҮЙНӨДӨГҮ АР БИР ҮЧҮНЧҮ БАЛА КОРГОШУНГА УУЛАНГАН

Кийинки пост

АЙРЫМ АЙМАКТАРДА БАНАНДЫН ЖЕТИШПЕСТИГИ КЕЛИП ЧЫГАТ

Кийинки пост
АЙРЫМ АЙМАКТАРДА БАНАНДЫН ЖЕТИШПЕСТИГИ КЕЛИП ЧЫГАТ

АЙРЫМ АЙМАКТАРДА БАНАНДЫН ЖЕТИШПЕСТИГИ КЕЛИП ЧЫГАТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In