Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү бардык балдардын үчтөн бири же ар бир үчүнчү бала коргошунга ууланган. Анын булагы оюнчуктар, даамдар жана айлана-чөйрө болууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) атайын докладында айтылат.
Алынган маалыматка ишенсек, балдардын коргошунга уулануусунун кесепеттери олуттуу болот, ал балдардын акыл-эсинин бузулушуна жана өлүмүнө алып келет. Айрыкча жаш бөбөктөргө оор, анткени алардын денеси коргошунду чоңдорго караганда бир нече эсе көп жана бат кабылдайт. Бирок, бул олуттуу маселеге дүйнөлүк масштабда, айрыкча өнүгүп жаткан өлкөлөрдө маани берилбей жатат.
Балдардын коргошунга уулануусу тууралуу Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) жаңы докладында айтылды. Анын авторлору дүйнөдө болжол менен 800 миллион баланын канында коргошундун курамы бир децилитрге 5 микрограммдан туура келет. Мындай абалда баланы сактап калуу үчүн кечиктирилгис чараларды көрүү талап кылынат.
Балдар фондусунун Башкы директору Генриетта Фордун маалымдашынча, баланын канына коргошун кирген алгачкы мезгилде анын симптомдору анча байкала бербейт. Бирок, акырындык менен анын саламаттыгына доо кетирип, өлүмгө алып келиши ыктымал. Айлана-чөйрөнүн коргошун менен булганышынын масштабы, адамдардын саламаттыгына анын алып келе турган олуттуу зыяны тууралуу маалымат ар бир кишинин бул нерседен балдарды сактап калууга болгон аракетин активдештириши ылаазым.
“Ууланган акыйкат: балдардын коргошун менен ууланышы келечекте алардын өнүгүшүн төмөндөтөт” аттуу докладда бул көйгөй глобалдуу масштабда көрсөтүлүп, коргошун жана башка оор металлдардын уулуу калдыктары менен булгануу балдарга кандай таасир этерлиги тууралуу беш өлкөдөгү тематикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы да берилген. Атап айтканда, мындай изилдөөлөр Бангладеште, Грузияда, Ганада, Индонезияда жана Мексикада жүргүзүлгөн.
Грузияда акыбал жөнгө салынды
Изилдөөнүн натыйжасы көрсөткөндөй, Грузиядагы балдардын канындагы коргошундун курамы бай өлкөлөрдөгү балдардыкына салыштырмалуу он эсе көп болуп чыкты. Деген менен, 2018-жылы Грузиядагы балдардын канында коргошундун курамынын көп экени тууралуу маалыматтан кийин ошол өлкөнүн Улуттук статистка башкармалыгы менен бирдикте ЮНИСЕФ ири изилдөөлөрдү өткөргөн. Өлкө боюнча 2-7 жаштагы балдардан кандын 1570 веналык текшерүүлөрү алынган. Бул алынган кан Италиянын Римдеги улуттук ден соолук институтуна жөнөтүлгөн.
Изилдөөнүн жыйынтыгы кейиштүү болду: Грузиядагы балдардын 41 пайызынын канында коргошундун курамы бир децилитрге 5 микрограммдан ашык экен. Башкача айтканда, бул бай жашаган өлкөлөрдөгүгө караганда он эсе жогору болуп чыкты. Анан да бардык балдардын 16 пайызынын канынын курамында коргошундун деңгээли бир децилитрге 10 микрограммдан ашып кетиптир.
Изилдөөнүн жыйынтыгы менен бул көйгөйдү чечүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыккан. Грузиядагы үй-бүлөлөргө жаш балдардын колун бат-бат жууп туруу, оюнчуктарын тазалап туруу, оюнчуктарды тандап алууда уулуу материалдардан жасалбаганына көңүл буруу, ошондой эле балдар кай жерде ойноп жатканына маани берүү сунуш кылынды. Эң маанилүү чакырык катары грузин ашканасында көп колдонулуучу татымдарды балдар үчүн тандоодо өзгөчө этияттыкты талап кылуу керектиги айтылды.
Коргошун балдардын мээсине доо кетирет
Докладдын авторлорунун маалыматында, коргошун балдардын мээсине калыбына келтиргис зыян алып келет, себеби ал күчтүү нейротоксин эсептелет. Беш жашка чейинки балдардын мээсин коргошун ушунчалык буза тургандыктан, калган бардык өмүрүндө ал невралгиялык (сезим-туюм), когнитивдик (акыл-эс) жана денелик жактан жабыркоого тушугат. Коргошун жаш балдардын психикасын бузуу менен кийин кылмыштуулукка, зордук-зомбулуктарды жасоого жетелейт. Коргошун баланын чоңоюшу менен бөйрөгүн, жүрөк-кантамыр системасын жабыркатат.
Негизги булак – аккумулятордук батарейкалар
Коргошун менен ууланып калуунун негизги булагы катары аккумулятордук батарейкалардын талаптагыдай жок кылынбай калышы каралууда. Докладда айтылгандай, жарды өлкөлөрдө коргошун-кислоталуу аккумулятордук батарейкаларды талаптагыдай жок кылуу жагы колго алынбаган. Бул өлкөлөрдө 2000-жылдан тартып унаа каражаттарынын саны үч эсе өскөн. Автоунаа ээлеринин санынын өсүшү менен эрежелердин жана аккумуляторлорду утилдештирүү инфраструктурасынын жоктугу коргошун-кислоталуу аккумуляторлордун 50 пайызынын расмий эмес “цехтерге” жок кылынышына алып келди. Калдыктарды утилдештирүүнүн коркунучтуу жана мыйзамсыз процесси менен алек болгон жумушчулар батарейкалардын капкактарын ачып, кислотаны жана коргошун күкүмүн кыртышка төгүү жана коргошун күкүмүн ачык мештерде эритип алуу ишин жасашат. Ал мезгилдеги улуу буулануулар жумушчуларды гана эмес, айлана-чөйрөнү да булгап салат. Ошондуктан да эксперттер мамлекеттерден коргошун-кислоталуу аккумуляторлорду утилдештирүүнүн талаптагыдай тартибин камсыз кылууну талап кылыууда.
Оюнчуктардагы, татымдагы жана косметикадагы коргошун
БУУ коргошун бардык жерде, бардык буюмдарда бар экенин эскертүүдө. Ал балдардын денесине коргошун түтүктөрү менен суу берүү аркылуу да кирет. Аны боёкторго кошушат, пайдалуу кендерди алууда колдонушат. Коргошун этил аркылуу алынган бензинде, татымдарда, косметикада, айрым дары-дармектерде, оюнчуктарда, башка да керектөө буюмдарында болот. Иши коргошун менен байланышкан ата-энелер үйүнө көбүнесе кийимине отурган коргошун чаңын алып келишет. Коргошун чачта, колдо, бут кийимде кала бериши ыктымал жана ал балдарды бат эле ууландырып коёт.
Коргошунду коопсуз кайра иштетсе болот
Докладдын авторлору коргошунду коопсуз ыкма менен кайра иштетсе болорлугун жакшы кабар катары жар салышты. Коргошун жабыркаткан жерлерди кайра калыбына келтирсе болот экен. Кишилерди коргошундун зыяны тууралуу эскертип, андан өзүн жана балдарын кантип коргоо мүкүндүгүн түшүндүрсө болот. Мындай ишке кеткен чыгымдын пайдасы үлкөн: ден соолуктун бекемделиши, өндүрүштүк жогорулаш, акыл-эстин толук кандуу өнүгүшү, зордук-зомбулуктун азайышы, планета боюнча миллиондогон балдардын татыктуу келечеги.
Бай өлкөлөрдүн көпчүлүгү курамында коргошун бар этил бензинин, көпчүлүк боёкторду пайдалануудан баш тартышты. Ошого жараша ал жактарда балдардын канында коргошундун курамы кескин азайды. Бирок, жарды жашаган өлкөлөрдөгү балдардын канында коргошундун курамы дале жогору бойдон кала берүүдө.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн докладдын авторлору дайымкы мониторингди жүргүзүп, отчёттуулукту жолго коюуну, анын ичинде балдардын канын коргошундун курамы боюнча масштабдуу тестирлөө жагын сунуш кылышууда. Ошондой эле авторлор жаш балдарды тобокелдүү жайларга баргызбай, коргошун кошулган буюмдарга жолотпой, айрым креамика, боёк, оюнчук жана татымдардан этият кылуу абзелдигин эскертишүүдө. Ошол эле кезде коргошундан жабыркаган балдарды дарылап, коргошун менен булганган жайларды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгилешет.
Докладда адамдар коргошундун зыяны тууралуу жакшы билиши үчүн агартуу иштерин алып баруу зарылдыгы айтылат.
Булак: https://news.un.org