Эми Россияда, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө банан азыгынын жетишпестиги келип чыгышы мүмкүн. Буга Эквадордогу жанар тоонун ойгонушу себеп болууда. Бул тууралуу El Comercio басылмасына шилтеме берүү менен Россиянын сайттары жазып чыгышты.
Эквадордогу Сангай жанар тоосунун ойгонушу өлкөдөгү банан өскөн 55 миң гектар аянтты жабыркаткан. Бул болсо бардык түшүмдүн 30 пайызынан кол жуугандыкты билдирет, деп жазат басылма. Ошондой эле жанар тоонун ойгонушунан улам асманга көтөрүлгөн күлдөн экспортко даярдалган 1,5 миллион кутудагы банан жараксыз болгон. Бул деген бардык экспорттук продукциянын 25-30 пайызын түзөт.
Банан өстүрүү плантациясында иштеген адистердин айтымында, эми жумушчулар продукциянын андан ары жабыркашына жол бербөө жагынан тырышып иштешине туура келет. Аны үчүн күлдөн тазалоо иштери алып барылат. Ошентсе да бардык продукциянын 30 пайызы жараксыз болгону анык. Анын кесепетинен Россиянын, Европа менен Жакынкы Чыгыштын өлкөлөрүнө продукция азыраак экспорттолушу күтүлөт.
Эскерте кетсек, Сангай жанар тоосу 20-сентябрда ойгонуп, андан чыккан күл 10 чакырымга чейин асмандаган. Турак үйлөр, эгин талаалары бар 83 миң гектар аянтка күл жааган. Анын кесепетинен Гуаякилдеги эл аралык аэропорт жабылган.
Ал эми Эквадор дүйнөдөгү ири банан өндүрүүчү өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Жылына 8 миллион тонна банан өндүрүп, 5-орунду ээлейт жана дүйнөлүк жалпы өнүмдүн 6 пайызын түзөт. Анан да жылына 4 миллион тонна банан экспорттоп турат.