Жалал-Абадда өрт өчүрүү кызматынын 20дан ашуун кызматкери Өкмөттүн областтагы ыйгарым укукту өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Буга байланыштуу иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаарындагы, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорундагы өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Област жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев өрт өчүрүүчүлөрдүн көрсөткөн эрдигин жогору баалап, башкаларга өрнөк экенин айтты.
-Ушул жылдын 10-май күнү Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводдон чыккан өртү өчүрүүдө сиздердин жасаган аракетиңерди канчалык мактоого алсак аз. Ар бириңер чыныгы адис катары өмүрүңөрдү тобокелге салып, элдин коопсуздугу үчүн бар күчүңөрдү жумшадыңар. Жалпы Жалал-Абад шаарынын тургундарынын коопсуздугун сактадыңар. Кудай сактасын, эгер өрттүн алдын албаганда анын натыйжасы кандай болору баарыбызга белгилүү болчу. Сиздер чыныгы кесипкөй адис экениңерди далиидедиңер, — деди ал.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 10-май күнү Жалал-Абад шаарындагы “Кыргыз-Өзбек-Азербайжан” жоопкерчилиги чектелеген коомуна караштуу мунайды кайра иштетүүчү заводунан өрт чыгып, анын натыйжасында аталган ишкана 62 миллион сомдон ашуун чыгым тарткан.