Жалал-Абаддык спортчу, балбан Асан Сулайманов 2019-жылдын 23-28-апрель күндөрү Кытай Эл Республикасынын Синь-Янь шаарында өткөрүлгөн спорттун грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында 3-орунду ээлегендиги үчүн КР Өкмөтүнүн областтагы өкүлчүлүгү тарабынан 40 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.
Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын желегин эл аралык мааниде бийикке желбиретүүдө спортчулардын орду өзгөчө экендигин белгилеп, аларга дайыма колдоо керектигин айтты. Ага улай 55 киллограмм салмакта 3-орунду ээлеген Асан Сулаймановдун алдыда кутүлүп жаткан беттешүүлөрүнө ийгилик каалап, 40 миң сом акчалай сыйлыктын сертификатын тапшырды. Моралдык жана материалдык колдоо дагы да көргөзүлөрүн убада кылды.
Грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери Асан Сулаймановдун айтымында, Кытай Эл Республикасында өткөн мелдеште 55 килаграмм салмактагы Ирандын жана Индиянын балбандарын жеңип алган. Ал эми өзбекстандык атаандашынан жеңилүү ызасын тартып калган. Учурда ал 25-май күнү Казакстанда өтө турган эл аралык мелдешке даярданууда.