АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн космостук агенттигинин (NASA) илгерки мүмкүнчүлүктөрүн кайра калыбына келтирүү зарылдыгын белгилеп, аны каржылык жактан колдоого ала турган болду. Twitter социалдык тармагындагы баракчасында “Биз айга кайтып барабыз, кийинки кезек Марс, — деп жазды ал. – Мен кошумча 1,6 миллиард доллар кошуу үчүн, бюджетке өзгөртүү киргизем. Анан биз космоско кулач жайып кайтып барабыз”.
Буга чейин АКШнын президенти SpaceX компаниясын Dragon 2 космикалык кемесинин ийгиликтүү учурулушу менен куттуктаган болчу. NASAнын директору Жим Брайденстайн Дональд Трамптын куттуктоосуна жооп кылып ,алдыга ишенимдүү жылыш үчүн американын администрациясы жетишерлик каражат менен камсыз кылганын айткан эле. “Бүгүн – МКС. Эртең – Ай!” деген ал.