Быйылкы жарым жылдыкта Жалал-Абад областынын өнөр жайынын негизги 4 тармагынын ичинен 3 тармагында өткөн жылга салыштырмалуу продукциянын физикалык көлөмүнүн аткарылышы камсыз кылынган жок. Башкача айтканда, өндүрүлгөн пордукциянын физикалык көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз болду.
Эгер алты айда кайра иштетүү тармагынын физикалык көлөмүнүн индекси 89,4 пайыз болсо, анын ичинен тамак-аш азыктарын өндүрүү, ичимдиктер менен тамеки 60,1 пайызды, жыгачты иштетүү жана жыгачтан буюмдарды жасоо 91,9 пайызды, электр жабдууларын, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү 65,8 пайызды, өнөр жайдын башка тармактары 96,8 пайызды түздү. Ошондой эле суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана экинчи ирет сырьену алуу өндүрүшүнүн физикалык көлөмүнүн индекси 99,3 пайызга барабар болду.
Деген менен, быйылкы биринчи жарым жылдыкта Жалал-Абад областы боюнча 2 өнөр жай ишканалары иштебей токтоп турат. Алар: Базар-Коргон районундагы “Алтын-Була” жоопкерчилиги чектелген коому менен Ноокен районундагы “Таштак” жоопкерчилиги чектелген коому. Булар пахта буласын өндүрүүчү ишканалар эсептелип, сезондук негизде иштегендиктен убактылуу токтоп турат.