Быйылкы таажы вирусуна байланыштуу чектөөлөргө карабастан Жалал-Абад областындагы кичи жана орто бизнес өткөн жылга салыштырмалуу артта калбады, тескерисинче продукциянын көлөмү жагынан алдыга кетти. Алты айда өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 373,7 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 165,9 пайызга жетти. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнөн билдиришти.
Кичи жана орто бизнес ишканалары өндүргөн өнөр-жай продукцияларынын көлөмүнүн өсүүсү негизинен областтын 8 районунда камсыз болгон. Бирок, Базар-Коргон районунда бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 6,2 миллион сомго же 59,6 пайызга, Жалал-Абад шаарында 13,5 миллион сомго же 13,6 пайызга, Кара-Көл шаарында 0,8 миллион сомго же 19,7 пайызга төмөндөп кеткен.
Ошондой эле кичи ишканаларда продукция өндүрүүнүн көлөмү 321,2 миллион сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 182,4 пайызды түздү жана 145,1 миллион сомго көп болду.
Калктын өндүрүштүк жеке ишмердүүлүгү аркылуу чыгарылган продукциянын көлөмү 477,9 миллион сомго жеткирилип, 2019-жылдын биринчи жарым жылына салыштырмалуу өсүү темпи 104,2 пайызга аткарылды. Калктын өндүрүштүк ишмердүүлүгү, кичи жана орто бизнес жалпы 851,6 миллион сомдук продукцияны камсыз кылып, өткөн жылга карата өсүү темпи 124,5 пайызды түздү.
Бардык өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндөгү калктын, ошондой эле кичи жана орто бизнестин үлүшү 6,2 пайызга, анын ичинен кичи жана орто бизнестин үлүшү 2,7 пайызга, калктын өндүрүштүк ишмердүүлүгү 3,5 пайызга барабар.