Быйылкы таажы вирусуна байланышкан чектөөлөргө байланыштуу жарым жыл ичинде жаӊы курулган обьектилердин курулуш иштерине 4 миллиард 479,1 миллион сом акча каражаты жумшалып, өткөн жылдын ушул мезгилиндеги деӊгээлине карата салыштырмалуу баалар менен алганда 85,8 пайызды түздү. Бул жалпы республикадагы курулуш иштерине жумшалган каражаттын көлөмүнүн 10,3 пайызын түзөт. Ошондой эле курулуш иштерине жумшалган каражат жалпы жумшалган капиталдык салымдын 90 пайызына барабар.
Жеке менчик турак жайларды куруу үчүн калктын эсебинен 1 миллиард 61 миллион сом жумшалып, област боюнча 712 турак үй ишке берилди. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 74,3 пайызды түздү, же болбосо 246 турак үй аз курулган.
Район-шаарлар боюнча алганда, Ала-Бука районунда 87, Аксы районунда 133, Базар-Коргон районунда 127, Ноокен районунда 69, Сузак районунда 111, Токтогул районунда 40, Тогуз-Торо районунда 21, Жалал-Абад шаарында 75, Таш-Көмүр шаарында 32, Майлуу-Суу шаарында 5 жана Кара-Көл шаарында 12 турак үйлөр бүткөрүлгөн. Алардын жалпы пайдалуу аянты 75 миң 822 чарчы метрди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 21 миң 973 чарчы метрге аз, же өсүү темпи араң 77,5 пайызга жетти.