www.versia.kg
Суббота, Декабрь 6, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАД: ОБЛАСТ ЖУРНАЛИСТТЕРИ ЧИНОВНИКТЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУН ЖАРЫЯЛАШТЫ

31.05.2019
0 0
0
SHARES
489
Просмотры
Бөлүшүү

 

Интернет айдыңында Жалал-Абад областынын журналисттери Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Эрмекбай Омошевге жана Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевге кайрылуусун жарыялашты. Ага ошол эле интернет айдыңында бул эки жетекчинин кайсы бир эс алуучу жайда Жалал-Абад областтык телерадиокомпаниясынын журналистине жана журналисттерине акаарат сөз айтышкан аудио-жазуунун таркашы себеп болду. Ал аудио-жазуудан маалым болгондой бул жетекчилер журналисттерди сөгүп, акчага сатылаары тууралуу аларга акаарат келтиришкен.

Кайрылууда журналисттер алардын бул аракеттери башка  убакта эмес, Рамазан айында болгонуна өкүнгөндүктөрүн билдиришкен. Ошондой эле айрым жетекчилер, айрым бир ууч кызыкчылыгы менен жашап же аракет кылып келаткандар журналисттерди кайсы бир кызыкчылыктарга, кайсы бир жеке максаттарга пайдалангылары келишерин, бирок журналисттер мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга гана кызмат кылып, ал жолдон тайбаска аракет кылышарын белгилешкен.

“Албетте, коомдо жакшы окуялар көп, бирок сынга алынуучу терс жагдайларда аз эмес. Биз мындан ары да жалпы кызыкчылыктар үчүн акты ак жана караны кара деп, чынчыл жана объективдүү иш алып бара беребиз. Сиздердин ар бир аракет, ар бир кадам, ар бир ишаратыңыздар Сиздердин ким экениңиздерди элге көрсөтүп турат. Ошол себептүү жаралган кырдаалды эске алуу менен жалпы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында түшүндүрмө берүүңүздөрдү талап кылабыз”, деп жазышат журналисттер.

Бул кайрылууга областтык телерадиокомпаниянын кызматкерлеринен башка да Жалал-Абад областындагы бир катар массалык маалымат каражаттарынын, медиа-уюмдардын өкүлдөрү болуп, 42 киши кол койгон.

Ал эми Сузак районунун акими өзүнүн интернеттеги комментарийинде журналисттерден кечирим суроого эмес, бул аудио-жазууну ким уюштурганына жана таркатканына гана кызыгарын жазып, журналисттерди Орозонун күнүндө жакшы жүрүм-турумга чакырган. Өзү Орозонун күнүндө журналисттерге акаарат айтканы тууралуу унчукпаган.

Мурдагы пост

СУЗАК: КООПТУУ МЕКТЕП, КОРКУНУЧТА КАЛГАН ОКУУЧУЛАР

Кийинки пост

КЭДР: САМИТТИН НАЧАР ЖЫЙЫНТЫГЫ ҮЧҮН АТАЙЫН ӨКҮЛ ӨЛТҮРҮЛДҮ  

Кийинки пост
КЭДР: САМИТТИН НАЧАР ЖЫЙЫНТЫГЫ ҮЧҮН АТАЙЫН ӨКҮЛ ӨЛТҮРҮЛДҮ   

КЭДР: САМИТТИН НАЧАР ЖЫЙЫНТЫГЫ ҮЧҮН АТАЙЫН ӨКҮЛ ӨЛТҮРҮЛДҮ  

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In