www.versia.kg
Суббота, Декабрь 6, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

СУЗАК: КООПТУУ МЕКТЕП, КОРКУНУЧТА КАЛГАН ОКУУЧУЛАР

30.05.2019
0 0
0
SHARES
239
Просмотры
Бөлүшүү

Жалал-Абад областынын Сузак районундагы жаңы мектептин курулушу 4 жылдан бери токтоп турат. Ал арада окуучулар бир кылым мурда курулган, эскилиги жетип, ден соолукка жана өмүргө коркунуч туудурган имаратта билим алып келишүүдө.

Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Узакбай Абдукаимов мектеби 1928-жылы курулган. Авариялык абалынан улам 2014-жылы жаңы мектеп курула баштап, бирок имараты тургузулгандан кийин эле токтоп калган. Андан бери 4 жыл өттү, бирок жылыш болгудай эмес. Ошондуктан ата-энелер балдарынан коркуп, алыс болсо да башка мектептерге жөнөтүүгө аргасыз болушууда. Мектепте окуучулардын саны кескин кыскарып кеткен, дейт  айыл тургуну Мария Тентиева .

-Жолдорду деле жарым-жартылай куруп коюп, таштап кетип атышпайбы. Бул жерде байкуш мугалимдер менен ата-энелер эскини эптегенче эси кетип, аягын-быягын шыбап, эптеп карап, мектеп кылып турушат. Таштап кете алышпайт, шарты бар ата-энелер балдарын башка мектептерге алып кетишкен, — дейт ал.

Мектеп директору Жыпаргүл Маматканова курулуш токтоп калгандан кийин мындагы абалдан өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков эки жолу кабар алып, бүтөт деген убадасын бергенин кошумчалайт. Жакында эле Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев баштаган эл өкүлдөрү мектептин азыркы абалы менен таанышып чыгып, маселени Жогорку Кеңеште көтөрө турганын билдиришти. Курулуш республикалык бюджеттен каржылангандыктан, акыркы үмүт мына ушул сыяктуу иш сапарларда калууда.

Эске сала кетсек, мектептин курулушуна республикалык бюджеттен 78 миллион сом каражат каралган болсо, Жалал-Абад областтык капиталдык курулуш мекемеси тарабынан тендер жарыяланып, наркы 60 миллион сомду түзгөн. Республикалык бюджеттен дагы 39 миллион сом каралышы керек, ошондо мектеп толугу менен бүтөт.

Азырынча жүзгө чамалуу окуучу окуган мектепте балдардын саны күн санап азайып, ата-энелердин кооптонуусу күчөп барат. Ал эми бул көйгөй биротоло качан чечилери азырынча белгисиз.

Роза АКМАТЖАН кызы.

 

Мурдагы пост

АМЕРИКАНЫН НЕФТИСИ РОССИЯНЫ КЫЖААЛАТ КЫЛУУДА

Кийинки пост

ЖАЛАЛ-АБАД: ОБЛАСТ ЖУРНАЛИСТТЕРИ ЧИНОВНИКТЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУН ЖАРЫЯЛАШТЫ

Кийинки пост
ЖАЛАЛ-АБАД: ОБЛАСТ ЖУРНАЛИСТТЕРИ  ЧИНОВНИКТЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУН ЖАРЫЯЛАШТЫ

ЖАЛАЛ-АБАД: ОБЛАСТ ЖУРНАЛИСТТЕРИ ЧИНОВНИКТЕРГЕ КАЙРЫЛУУСУН ЖАРЫЯЛАШТЫ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In