Жалал-Абадда аялдардын гендердик теңдигин камсыз кылуу ишине өздөрүнүн активдүүлүгү менен салым кошуп жаткан эки айым сыйланды. Сыйлыкты КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев тапшырды.
Айымдардын гендердик теңдигин жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу максатында алардын саясий процесстерге катышуусун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ЭлТРдин Жалал-Абад областы боюнча кабарчысы Кыял Сабиракуновага жана “Турмуш” интернет-сайтынын кабарчысы Жумагүл Шайыковага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айым депутаттарынын форумунун Ардак баракчасы берилди.
Аталган айымдарды област жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев кызуу куттуктап, жогору жактан келген сый баракчаларды тапшырды. Ал айымдардын гендердик теңдигин камсыз кылууда жана аны жайылтууда жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын ролу чоң экендигин айтып, сыйлык ээлерине жылуу каалоо-тилектерин билдирди.