www.versia.kg
Вторник, Август 9, 2022
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ЖАЛАЛ-АБАД: КАН БОРБОРУНА 30 МИҢ ДОЛЛАРГА ТЕТЕ УНАА КЕРЕК

20.09.2019
0 0
0
SHARES
106
Просмотры
Бөлүшүү

Жалал-Абад областык кан борбору атайын кан чогултуучу унаа алуу үчүн каражат таппай жүрөт. Ал эми Кыргызстан ыктыярдуу донорчуларга муктаж. Анткени ыктыярдуу донорлордон алынган кан зарылчылык жаралгандагы чукул табылган канга караганда бир топ коопсуз. Мына ошондуктан ыктыярдуу донорлордун санын арттыруу максатында Улуттук Кызыл ай коому түрдүү акцияларды жана иш-чараларды уюштуруп келет.
Алардын катарында Жалал-Абад областык кан борбору менен биргеликте мекеме-ишканаларга жана мектеп, окуу жайларга барып ыктыярдуу кан тапшыруучулардан кан чогултуп турушат. Областык кан борборунун адиси Айчүрөк Капарованын айтымында, мындай шартта кан чогултулбаса, областта кандын запасы жетишсиз болору турган кеп.
-Бир жумада эле 30 литр кан керектелди. Азыр автокырсыктар көп болууда. Ошондой эле төрөт үйүнө да көп кан керектелет. Бизде дайым 40 литр кандык запасы турушу керек. Көчмө аппараттар менен ыктыярдуу донорлорго барганда шарт жок болуп калат, столго, партага жаткызып, кан алууга туура келет. Ыктыярдуу донор үчүн атайын унаа сатып алуу үчүн тиешелүү тараптарга бир нече ирет кат менен кайрылганбыз. Унаа көйгөйү бар экени курч экени чындык, — дейт ал.
Атайын унаа көчмө шартта иштөөгө ылайыкташып ичинде бардык жабдыктар менен камсыздалган. Анын баасы да болжолдуу эсеп менен 30 миң долларга жетет. Ал үчүн областык кан борборунун жетекчилиги чет элдик, япониялык уюмдарга долбоор жазып көргөн, бирок азырынча жооп келе элек. Ошондой эле азыр Улуттук кызыл ай коому менен биргеликте акция же марафон уюштуруу аркылуу унаага каражат табуу жагы пландаштырылып жатат.
Эске сала кетсек, Сентябрь айынын акыркы жекшембиси донорлор күнү белгиленет.

Мурдагы пост

ГЕНШТАБДЫН ВЕРТОЛЁТУ УУРУЛУККА ПАЙДАЛАНЫЛГАНБЫ?

Кийинки пост

БЕРДЫМУХАМЕДОВ БОРБОР АЗИЯНЫ КОМПЬЮТЕР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛАТ

Кийинки пост
БЕРДЫМУХАМЕДОВ БОРБОР АЗИЯНЫ  КОМПЬЮТЕР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛАТ

БЕРДЫМУХАМЕДОВ БОРБОР АЗИЯНЫ КОМПЬЮТЕР МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛАТ

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In