Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Генералдык штабына караштуу МИ-8 вертолёту баалуу дарактарды уурдоо үчүн пайдаланылган. Бул тууралуу кыргыз сайттарына шилтеме берүү менен fergana.agency жазып чыкты.
Уурулук боюнча ишти 2016-жылы Чүй областынын Сокулук райондук соту караган. Үч соттолуучуга баалуу жыгачтарды мыйзамсыз кыюу, ташуу, иштетүү, сатып алуу жана сатуу боюнча күнөө коюлган. Бирок, аларды кийин жоопкерчиликтен бошотушкан, себеби 2019-жылдын 1-январынан күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодекси “гумандаштырылган” болчу.
Соттук кароо учурунда билингендей, 2016-жылы май айында соттолуучулар Түштүк Кореянын аныкталбаган жаранына Фрунзе токой чарбасына караштуу Белогорка капчыгайынан бир нече түп туркестан арчасын казып берүүгө убада кылышкан. Айыпталуучулардын бири туристтик фирманын директорун алдаган: ага Мамлекеттик токой чарбасынын лицензиялык-уруксат берүү комиссиясынын төрагасынын орун басарынын мурда сатып алынган арча боюнча катын көрсөтүшкөн жана бул туркестан арчасын алып чыгып кетүүгө уруксат берген документ деп айтышкан. Турфирманын директору вертолёт берүүгө макул болуп, саатына 2,8 миң долларга Генштабдан ижарага алган.
Айыпталуучулардын дагы бирөөсү айдоочуларга жыгач ташуу зарылдыгын айтып, бир нече “КамАз” жалдаган. Вертолёт менен тоодон түбү менен казылып алынган 5 даракты алып келишкен. Айдоочулар муну көрүп, нааразы болушат, бирок айыпталуучу аларга уруксат берүүчү документтер барлыгын айткан. Жыйынтыгында шектүүлөрдү жергиликтүү атуулдар Сокулук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен кармап алышкан.
Токой чарбасынын өкүлү сотто 2016-жылы аларга 5 эмес, 15 түркестан арчасын алып чыгуу аракети тууралуу кабар түшкөнүн айтат. Аларды кайра тоого жеткирүүгө мүмкүн эмес эле, себеби барууга кыйын жайларда өсчү. Дарактарды Четинди айылына түшүрүп калышкан. Дарактардын бешөө куурап, ону көктөгөн, бирок ылаңга чалдыккан.
Айтып кетчү нерсе, Кыргызстанда вертолёттордун жетишпестиги байкалат: өлкөдө эсептелүү гана ушундай техникалар калган. Генштабдын Ми-8 вертолёту мурда турфирмалар тарабынан сактап калуу операциялары үчүн ижарага алынып келген, бирок 2018-жылы жайында ал бузулуп калганы тууралуу кабар таркаган. Натыйжада туристтерди сактап калуу үчүн кошуна Казакстандан вертолёт чакырышкан. Отчёттордон маалым болгондой, 2019-жылы августта курман болгон казакстандык альпинисттерди издөө үчүн ӨКМдин вертолётун пайдаланышкан. Деген менен, ал жарандык типтеги вертолёт болгондуктан өтө эле бийик жерлерге пайдалануу кыйын болуп, баары бир Казакстандан вертолёт чакырууга туура келген.