Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн тышкы коопсуздугун, эгемендигин бекемдөө макатында киберкоопсуздук жөнүндө мыйзамга кол коюу менен Борбордук Азиянынын өлкөлөрүн түркмөн өндүрүшүнөң чыккан арзан нарктагы компьютерлер менен камсыз кылуу милдетин койду. Бул тууралуу эл аралык маалымат агенттиктери кабарлашты.
Деген менен, Түркмөнстандын өкмөтү интернет тармагындагы коопсуздук максатында кытайдын Hengsheng Lianhua Investment Management Co. Ltd., Tongfang Hongkong Limited компаниялары менен бирдикте 2018-жылдын октябрында «Агзыбирлик Тилсиматы» ишканасын түзүп, компьютердик өндүруштү жолго койгон. Ишкананын максаты — “эң эле коопсуз компьютерлерди” иштеп чыгаруу, программисттерди даярдоо. Бул ишканада азыр кытайдын Цинхуа университетинде тарбияланган адистер иштеп жатышат.
Быйыл өлкө жетекчисинин тапшырмасы менен ишкана балдардын 80 миң окуу компьютерлерин өндүрүп чыгарган, аларды Г. Бердымухамедов биринчи класстардын окуучуларына белек кылып берди. Компбютерге жүктөлгөн программа 198 ар кандай үйрөтүүчү функцияларды аткарып, түркмөн, орус жана англис тилдеринде колдонулат. Бардык программалык тиркемелер башталгыч класстар үчүн ылайыкташтырылып, окуучулардын алгачкы үч жылдык компьютердик билим алуусун камсыз кылат.
Аталган ишкана адегенде импорттун ордун толтуруу максатында түзүлсө, эми ага түркмөн компьютерлерин жакынкы өлкөлөргө экспорттоо милдети да коюлду. Ага байланыштуу ишкана ноутбуктарды, планшеттерди, моноблокторду, персоналдык компьютерлерди жана серверлерди чыгармакчы. Персоналдык компьютерлердин биринчи партиясын быйыл жылдын аягына чейин чыгаруу каралган. Бул эксперименталдык партия 3 миң компьютерден турат да, ишкананын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 500 миң компьютерге ылайыкталган. Ушундай темпте өлкөнүн компьютерге болгон керектөөсү жарым жылда камсыз кылынып, кийин экспорттоо менен алек болот.
Түркмөнстандын бул ишканасы Microsoft жана «Интел» компаниялары менен кызматташып жатат. Ошондой эле Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Афганистандын керектөөчүлөрү менен иштөөнү колго алууда. Ал эми рыноктон өз ордун табууга продукциянын арзан баасы түрткү берет деген ишеним бар. Андан тышкары, бул ишкананын жардамы менен өкмөт Ашгабат шаарындагы соода тармагын, Соода министрлигине караган соода жайларын электрондук соода кылуу системасына өткөрүүнү көздөп жатат. Мындан чыкты, дүкөндөрдүн сайттары, базарлардын сайттары, сатуучусуз соода жасалуучу “акылдуу базарлар” сайттары иштеп туруусу каралууда.