Жалал-Абад шаардык кеңешинин болуп өткөн кезексиз сессиясында депутаттар шаардык жашылдандыруу чарбасынын жүргүзгөн иштерине нааразычылыктарын жана сын-пикирлерин айтышты.
Упель ПАРХАНОВА, шаардык кеңештин депутаты: — Жаңы жетекчи аракет кылып жатат, салыштырмалуу жакшы. Бир жылда эле гүлдөтүп сала албайт, албетте, эркек киши болсо. Коңшу Өзбекстандан үлгү алсак болот, алар даяр гүлдү эгишет, биздикилер көчөттү. Ал гүлдөгөнчө бир-эки ай өтүп кетет. Жаздан башталган иштер жыйынтык бербейт, шаарды жашылдандыруу аракеттерин күздөн башташ керек. Дизайнер да начар иштеп жатат.
Заттарбек БООРОНБАЕВ, шаардык кеңештин депутаты: — Чоң эле дарактын түбүнө карагай эгип коюпсуң да, бюджеттин акчасы сенин чөнтөгүңдөн чыкпагандан кийин кичине карасаңчы иним. Борбордук көчөгө бетон идиштерди коюп, гүл эктиңер, бирок кеч. Май айындагы майрамдарга карата шаар гүлдөп калышы керек болчу. Шаардын жүзү — силер, сырттан келген коноктор биринчи көчөлөрүнө, көркүнө карайт. Ошондуктан айткан сын-пикирлерибизди туура кабыл аласың деп ойлойм.
Эрнистбек ОРМОКОВ, шаардык кеңештин депутаты: — Жолдун эки четине жакшынакай идиштерди коюп чыкканыңар абдан жакшы болуптур, бирок анын ичине төрт гүл эгип койгонуңар, шылдың кыласыңар биринчиден өзүңөрдү. Куураган дарактар алынбай жатат, убагында алынышы керек. Тайгараевден жашылдандыруу чарбасына жакшы ниет менен 86 сотых жер бөлүп бергенбиз, гүл эгип көрктөндүрөт деп. Ошол жакты да жакшылап караңыз. Сын-пикирлерди туура кабыл аласыз деген ойдомун.
Талант БАЕВ, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты: — Биз Жалал-Абад шаарында туулуп-өскөнбүз, ушул шаар өнүксүн, сулуу, кооз болсун деп аракет кылып жатабыз. Ага ишеничибиз — сизсиз. Мен жашылдандыруу чарбасына аял кишини койсок туура болот деп ойлогон элем. Бирок, азыр сиздин жетекчилик кызматыңызга каршы эмесмин, колдоп беремин, бирок баса белгилеп айтыш керек, азыркы аткарып жаткан жумушуңуз начар. Мен Москванын жашылдандыруусу интернеттен көрүп отурдум, розалар гүлдөп жайнайт, а бизде эми бүчүр байлап жатат.
Жыйнаган Роза АКМАТЖАН кызы.