Батыш Европадагы кичинекей Люксембург өлкөсүндө эми коомдук унаалар сөздүн түз маанисинде жүргүнчүлөрдү акысыз ташый турган болду. Люксембургдун бийликтери шайлоо алдынан берген убадасынын өтөөсүнөн чыгышып, ушундай чечимге келишти. Эми студенттер жана башкалар автобустарда эле акысыз жүрүшпөй, поездде жүрүүнүн акысы да кыйла арзандады. Азырынча дүйнөдөгү бир дагы өлкө мындай кадамга бара элек.
Муну менен өлкө бийликтери унаа тыгындарын азаят деген ишенимде.Өлкө борборунда 115 миң киши жашаса, дагы 400 миң киши шаарга иштегени келип турат. Болжол менен Франциядан, Бельгиядан жана Германиядан күн сайын Люксембургга 200 миң киши келип-кетет. Мындан улам 2016-жылы ар бир киши өзүнүн 33 саат убактысын унаа тыгындарында өткөргөн. Ошентип, бийликтер андан чыгуунун амалын издешип, 2019-жылы жайында коомдук унаада акысыз жүрүүнү киргизе турган болгон. Бирок, буга инфраструктура министри каршы чыгып, эми бул жаңы саамалык 2020-жылдын мартында кирмек болду.
Ал эми 2018-жылы бийликтер жашы 20га чыга электерге коомдук унаада жүрүүнү акысыз деп жарыялашкан.