Жалал-Абад шаарынын тургуну Тахиржан Толкунжан уулу 18 жашынан бери өздүгүн тактоочу жарандык паспортун ала албай убара. Туулгандыгы тууралуу жана башка да Кыргызстанда жашап келген кыргыз экенин тастыктоочу күбөлүктөрүн Паспорттоштуруу жана каттоо иши боюнча Жалал-Абад аймактык бөлүмүнө тапшырганына 6 жылдын жүзү болду.
-Биринчи жолу кайрылганда паспорт столдо иштеген Алмаз аттуу киши документтеримди толуктап, паспорт алып берем деп, менден 15 000 сом алган. Бирок, ошол бойдон жоголуп кетти. Андан бери дагы адвокат менен биргеликте аракет кылып келем. Паспортумдун жоктугунан кээде милиция кызматкерлери кармап кетип, аларга 200 сомдой берип кутулам, — дейт ал.
Мына ушундай арыз-арманы менен акыйкаттык издеп Толкунжан Тахиржан уулу туптуура бир жыл мурда массалык маалымат каражаттарына да кайрылган. Арыздануучунун көйгөйү коомчулукка жетип, талкуу жараткандан көп өтпөй, маселени кароону 3 жылдан бери токтотуп, анан кайра баштаган Жалал-Абад аймактык паспорттоштуруу жана каттоо иши боюнча бөлүмү маселе чечилгенин билдирген. Бирок, арадан бир жыл өттү, негедир Тахиржан дагы деле паспорт ала албай жүрөт.
Эмне үчүн 6 жылга созулду?
Тахиржан Толкунжан уулу 1995-жылы туулган, 3 жашында ата-энеси ажырашып, атасы Өзбекстанга көчүп кетет да, ошол бойдон кабарлашпайт. Ал эми апасы ал 5 жаш кезинде, башкача айтканда, 2000-жылы киши колдуу болуп каза болот. Чоң энесинин колунда тарбияланып, 5-классынан тарта күнүмдүк оокат үчүн ар кайсы кара жумуштарда иштеп, мектепти таштоого аргасыз болот.
Анан 18 жашынан баштап паспорт алууга аракет кылып, бүгүнкү күнү 23 жашка келсе деле өздүк документин алган жок. Себеби паспорт алуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк гана эмес, ата-энесинин паспортунун көчүрмөлөрү да керектелет. Апасынын өздүгүн тактоочу документтер 2005-жылы архивде өрттөнүп кеткендигине байланыштуу, Өзбекстанда жашап жаткан атасын издеп табат. Канча жылдардан бери Өзбекстанда жашап жаткан атасы, ал жактан жарандык алып алган эле. Паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмү атасынан Өзбекстан республикасына таандык паспортун көргөн соң, Кыргызстандан паспорт алууга болбостугун билдирет. Анткени апасынын документтери жок эле.
Тахиржан өзгө өлкөнүн жараны болгусу келбейт
Мына ошентип, каарман кыйчалыш абалга кабылат. Ал арада маселени көп узатпай оңой чечүү жолу да табылат. Анткени анын атасы Өзбекстандын жараны болгондуктан, Өзбек элчилиги ага Өзбекстанга келип жашаса, ага дароо жарандык да, паспорт да берилерин кабарлайт. Бирок, каарман туулган жерин, тууган уруктарын таштап кеткиси келбейт. Кыргызстандык кыргыз болгондон кийин өз өлкөсүнүн атуулу болгусу келет. Ошентип Жалал-Абад шаарындагы “Справедливость” укук коргоо уюмуна кайрылган.
Документтер толукталат, бирок…
Бул ишти иликтеп жаткан Нурислам Райимжановдун айтымында, негизги көйгөй — каза болгон апасынын документтери 2005-жылы архивде өрттөнүп кеткендиги, ал эми атасы Өзбекстан Республикасынын жараны экендигинде. Деген менен, адвокат апасынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүгүн убагында алынбай калган тактамасын, тирүү кезинде иштеген жеринен тактамаларын таап чыккан. Тахиржан Толкунжан уулу да окуган мектептен жана башка тиешелүү органдардан тактамаларды топтойт. Мыйзам боюнча топтолгон документтер паспорт алууга жеткиликтүү. Бирок, аймактык бөлүм ишти кароону бир топ убакытка токтотуп жүргөн.
Паспорттоштуруу бөлүмү алдаганбы?
Жогоруда айтылган маалыматтардын негизинде мындан бир жыл мурда Жалал-Абад шаардык Паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө кайрылганыбызда, мекеменин жетекчиси Гүлзина Исмаилова 3 айда маселе чечилерин билдирген. Паспорттоштуруу бөлүмү Тахиржанга жарандыгы жок деп тыянак чыгаргандыгын, жаңыдан жарандык алуусу үчүн Президентке жөнөтүлгөнүн, адатта 3 ай аралыгында жооп келерин айтышкан.
Андан бери бир жыл өттү, КРнын Президентти тарабынан 4 жолу жарандык алуу жарлыгы чыкты. бирок алардын арасында Толкунжан уулу жок. Себебин паспорттоштуруу бөлүмү укук коргоо органдары тарабынан текшерилип жаткан деп билдирди. Демек, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү боло туруп, паспорттоштуруу бөлүмү 3 жыл ишти кароодон баш тартып убайымга салса, эми укук коргоо органдары бир жылга узаткан.
Кыялдар орундалабы?
Каарманыбыз Тахиржан Толкунжан уулу 24 жашка келсе да, аскердик кызматын өтөй электигинен уялат. Жарандык документимди алсам эле биринчи кезекте армия сабында кызмат өтөп, Мекен алдындагы милдетимди так аткарсам деген жакшы ниетти менен жашап келерин айтат.
–Жаш кезимден эле аскер кызматчыларына суктанчумун. Буюрса мен да форма кийип, кызмат өтөйм деген ойдомун, — дейт ал.
Буга чейин аскер комиссариатына да кайрылып көрдү, жалгыз уул болгондуктан армияа баруудан баш тартса болорун айтышкан. Бирок, каарманыбыз аскер адамы болууга ашыгат, анын айтымында аскердик тартип, чөйрө жигитти жигит кылып тарбиялап, турмуштан өз ордун табуусуна жардам берет.
Азырынча Тахиржан паспорт ала элек, Президентке кайрылуу катын жөнөтүп, бар үмүтү менен күтүп жатат. Кыялы орундалабы жокпу, анысы азырынча белгисиз.
Роза АКМАТЖАН кызы.