Чилиде электр энергиясына болгон баалар нөлгө түшүп кеткен, 12-апрелге чейин мындай абал 113 күнгө созулганын эл аралык таблоиддер жарыялап чыгышты. Буга чейин да баанын нөлгө түшүп кетүүсү байкалган, бирок мынчалык узаака созулган эмес.
Анткени Чилиде чайыттай ачык күндөр көп болгону себептүү кубаттуу күн электр станциялары иштеп турат. Алардан алынган энергия көп болгондуктан, ага ылайык керектөөчүлөр табылбай, элге акысыз берүүгө туура келет.
Деген менен, бул Чилиде биринчи жолу болуп жаткан жок, өткөн жылы да иштелип чыккан электр энергиясынын көлөмү көп болуп, 192 күн бою анын баасы нөлгө түшүп кеткен. Быйыл да өткөн жылга караганда мындай күндөр көп болору эмитен белгилүү болуп отурат. Бирок, бул акысыз энергияны пайдаланган элге канчалык жакшы болгону менен терс жагы да болбой койбойт экен. Себеби Чилиде энергетикалык компаниялар жеке менчикте турушат, ошондуктан алар кирешесиз, пайдасыз калышары турган кеп. Эгер киреше болбосо, анда энергетикалык инфраструктураны кайсы каражатка кармап турушат?
Буга чейин Чилиде өндүрүш көлөмү өсүп, ага жараша энергетикага болгон керектөөлөр өсүп кеткен. Ошондон улам жеке менчик бизнес бул жагына ооп, 29 күн энергетикалык фермалары курулган жана дагы 15ин куруу пландалган. Бирок, дүйнөлүк экономиканын өсүшү акыркы жылдары жайлап калгандыктан, энергетикалык керектөөлөр да азаюуда. Мисалы, ири инвестор эсептелген Acciona SA компаниясы бул тармакка 343 миллион доллар салым кийирген, бирок эми кеткен чыгымды жапкыдай киреше алар-албасы белгисиз.
Ушундай эле көрүнүш Европада да болуп жатат. Мисалы, Германияда кайталап өндүрүлүүчү энергия булактарынан алынган электр кубатынын үлүшү жалпы алынган энергиянын өтө басымдуу бөлүгүн түзүүдө.