Жалал-Абад шаарындагы Барпы-Сейил көчөсүнүн боюндагы аянта бир топ жылдардан бери каралбай, ээн жаткан. Ал ортодо аянтча таштандыга толуп, бир мурда орнотулган бир нече эстеликтер да кейиштүү абалга жеткен. Шаардык капиталдык курулуш департаментинин маалыматында, бакты калыбына келтирүү аракеттери 2016-жылы башталып, 2018-жылы бюджеттен 3,5 миллион сом бөлүнгөн жана ал жерде фонтаны менен бассейин, чет жактарына отургучтар курулган. Бирок, курулуш толук бүткөрүлбөй, кабыл алынбай, ага карабастан ал жерге шаардыктар келип, эс алып турушканы маалым.
Бирок,ошол бойдон ал жер унутта калды да, каралбай, чөптөрү өсүп, жарыктандыруу үчүн коюлган шам-чырактары сынып, мурдагы таз кейпине келдип калды. Ал эле эмес фонтанды кооздоп жабыштырылган кафелдер бир жылга жетпей көчүп түшө баштады. Шаар бийликтери болсо, жергиликтүү бюджеттен кайра каражат кетирип, кайрадан оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, 1-июнда белгиленүүчү балдар майрамына карата калыбына келтирүүнү пландашууда.
-Эс алуу жайынакурулуш иштерин тендерден утуп алып,курган компаниянын деффекттик акты менен, тактап айтканда, дагы да жасалчу иштери бар деп кабыл алганбыз. Ошондуктан ал жайдагы аткарылуучу иштер толук бүтө элек болчу, — дейт шаардык Капиталдык курулуш департаментинин башчысы Акылбек Нуркулов.
Ал эми шаардык Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү департаментиэс алуу жайындагы чөптөрдүн өсүп кетүүсү, таштандылардын тазалбагандыгы боюнча биз жооптуу эмес экенин билдирди.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаарында Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү департаменти, Муниципалдык менчик башкармалыгы, “Жалал-Абад – Таалык” ишканасы бар. Бирок, булардын бири да 3 айдан бери эс алуу жайындагы аткарылуучу иштерди жасашкан эмес.
Эми 1-июнга карата калыбына келтирүү жумуштары аткарылмамкчы. Бирок, андан кийин багы ачылбаган бул жайдын көркүн бузбай, сактоо иштерин ким өз жоопкерчилилигине алары бүдөмүк.