Ааламдын кеңейиши биз мурда ойлогондон да тездик менен жүрүп жатат. Hubble телескобу аркылуу жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде окумуштуулар аалам мурдагыга караганда 9 пайыз тезирээк кеңейип жатканын айтып чыгышты. Бул тууралуу Newsweek билдирди.
Окумуштуулардын айтымында, аалам кеңейиши менен, демек, космостук объекттер, галлактикалар барган сайын Жерден алыстап бара жатышат. Алар: “2011-жылы окумуштуулар Адам Райсс, Сол Перлмуттер жана Брайан Шмидт Ааламдын кеңейиши улам барган сайын тездеп баратканын далилдөө менен физика жаатында Нобель сыйлыгын айлышкан” деп билдиришти.
Алардын пикири боюнча, илгери космологиялык моделдерде эске алынбай калган факторлор бар болушу ыктымал. Дал ошол фактор Чоң Жарылуудан кийин эмне болгонун аныктап бермек. Андан улам Аалам канчалык тездик менен кеңейип баратканы азыркы иликтөөлөрдүн негизги объектиси болуп калууда, анткени ал маселеге мурда маани берилген эмес эле.
Азыркы кезде Европанын космикалык агенттигине караштуу Planck жасалма жандоочусунун жардамы менен иликтөөлөр уланылып жатат. Ал эми Аалам мурдагыга караганда да тездик менен кеңейип баратканы ушул жандоочунун жардамы менен аныкталды.