
Өзбекстанда курулуш индустриясы күчүнө кирип жатат: цементтин баасы түшүп баратса, курулуш материалдарын унаа менен ташып жеткирүү чыгымдарына субсидия берилмекчи. Бул тууралуу Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Курулуш индустриясын өнүктүүрүү зарылдыгын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев көлдөлөң коюп жатат. Акыркы жылдары өлкөдө жүздөгөн көп кабаттуу үйлөр бой көтөрүп, ири өнөр жай ишканалары, маданий жана спорттук мекемелер, жолдор жана көпүрөлө курулган. Акыркы эки жылда курулуш иштеринин көлөмү 1,7 эсе өсүп, бардык жерде атамекендик өндүрүштөгү курулуш материалдары иштетилип жатат. Башкы багыт – импорттон баш тартуу, аны жергиликтүү курулуш материалдары менен алмаштыруу.
Өлкө башчысы кийинки эки жыл аралыгында курулуш материалдарын өндүрүүнү кеминде эки эсе өстүрүү тапшырмасын берди. Бул максатта өндүрүлгөн продукциянын өздүк наркы 50 пайыз азайтуу жана көмүрдү пайдалануу менен башка энергия булактарын үнөмдөө, чыгымдарды азайтуу зарылдыгы турат. Курулуш индустриясына энергия үнөмдөөчү технологияны жайылтуу талабы да айтылды.
Быйылкы жылы Каракалпакстанда, Сурхан-Дарыя, Анжиян жана Навои областтарында ар биринин өндүрүштүк кубаттуулугу 2 миллион тонна келген 4 цемент заводу ишке берилет. Жылдын аягына чейин 3,5 миллион тонна кубаттуулуктагы5 миллион жаңы заводдор ишке киришет да, цемент чыгаруу жагынан өндүрүштүн жалпы потенциалы 15 миллион тоннага жеткирилет. Мунун баары ички керектөөнү толук канааттандырып, цементтин өздүк наркы төмөндөтөт.
