Эми Өзбекстан жаңы локомотивдерди (тепловоз, электровоз ж.б.) сатып алуу үчүн 226 миллион доллар жумшамакчы. Анын 170 миллион долларын Азия өнүктүрүү банкы каржылайт. Бул тууралуу өкмөттүн атайын токтому чыккан.
«Узбекистон темир йуллари» компаниясы темир жол тармагынын натыйжалуулугун арттыруу максатында АБРдин 170 миллион доллар каржылоосунан пайдаланса, Өзбекстан ага өзүнүн 56 миллион доллар кошумчасын жумшамакчы. Бул каражатка канча локомотив сатып алынары айтылбай атат, бирок долбоорду 2021-жылдын аягына чейин ишке ашыруу мерчемделүүдө.
Мындан тышкары, «Узбекистон темир йуллари» компаниясы Испаниянын Patentes Talgo S.L.U. компаниясы менен эки Talgo-250 жүргүнчү ташуучу электровозун жана эконом-класстагы төрт вагонун сатып алууга келишим түзгөн. Аны Испаниянын компанияларын корпоративдик интернационализациялоо фондусу (FIEM) каржылап бермек болду.
Эске сала кетсек, Өзбекстанда азыркы кезде 17 эл аралык темир жол каттамдары иштеп жатат. Өткөн жылы темир жол аркылуу 4,7 миллион жүргүнчү ташылган. Анын ичинен 740 миң жүргүнчү тез жүрүүчү «Афросиаб» электропоездинин кызматынан пайдаланган.