www.versia.kg
Вторник, Январь 20, 2026
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ӨЗБЕКСТАН: ВИЗАСЫЗ РЕЖИМДИ КЕҢЕЙТҮҮ ТУРИСТТИК КОЛЛАПСКА АЛЫП КЕЛЕТ  

24.05.2019
0 0
0
SHARES
338
Просмотры
Бөлүшүү

Өзбекстан визасыз өлкөлөр тизмесин дагы да көбөйтө берсе болмок, бирок бул туризм чөйрөсүндөгү коллапска алып келет. Бул тууралуу Туризм боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Улугбек Касымхожаев билдирген.

Анын айтымында, азыркы туризм кызып турган мезгилде Самарканд менен Бухаранын мейманканаларында бош орун калбай, ылдам жүрүүчү поездге да билеттин таңкыстыгы күчөдү. Эгер жарандары Өзбекстанга визасыз кире турган чет өлкөлөр саны дагы да көбөйсө, анда инфрструктуралык чоң кыйынчылыктар пайда болот. Ошону үчүн азыркы туристтер агымын жакшылап тейлеп алып, анан визасыз өлкөлөр санын арттыруу жагын караш керек.

Акыркы кездерде мамлекет мейманканаларды курууга субсидияларды бөлүүдө, ишкерлерге меймканаларды куруу чакырыгы эки жыл мурда эле ташталган. Бирок, ишкерлер мейманкаларга келе турган кардарлардын болор-болбостугуна шек менен карашкан. Эми болсо, туристтер агымы күчөп, ишкерлер мейманкаларды куруу үчүн ыңгайлуу жайларды издеп, чуркап жүрүшөт. Ал эми өкмөт алар үчүн мурда болуп көрбөгөн жеңилдиктерди берүүдө. Божомолдо эки-үч жыл ичинде туристтик инфраструктура талапка ылайык абалга келип калат.

Деген менен, Өзбекстандын туристтик инфраструктурасы чынында эле тездик менен өзгөрүүдө. Мейманканалар, парктар, башка да көңүл ачуучу, эс алуучу объекттер тынымсыз курулуп жатат. Кинотуризм, экотуризм, агротуризм багытында ийгиликтер бар. Мисалы, Болливуддун жылдыздары келишип, бул жакта Бабур жана Моголдор династиясы тууралуу үч сериялуу кино тартуу идеясын билдиришкен.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Өзбекстанга 2,7 миллион туристтер келип кетишкен болсо, 2018-жылы алардын саны 5,4 миллионго жеткен. Быйылкы жылдын биринчи кварталында эле 1 миллион турист келип кеткени маалым болду.

 

Мурдагы пост

ТАЗА ЭНЕРГИЯ КАЗЫП АЛЫНУУЧУ ЭНЕРГИЯДАН АРЗАН

Кийинки пост

ӨЗБЕКСТАНДА ЦЕМЕНТТИН БААСЫ ТҮШҮП АТАТ  

Кийинки пост
ӨЗБЕКСТАНДА ЦЕМЕНТТИН БААСЫ ТҮШҮП АТАТ   

ӨЗБЕКСТАНДА ЦЕМЕНТТИН БААСЫ ТҮШҮП АТАТ  

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In