Тажикстан тамак-ашы эң эле кымбат 20 өлкөнүн катарына кирди. Ал эми калктын кирешесине карата эң кымбат тамак-ашы менен Түштүк Судан ал өлкөлөрдүн биринчи сабында турат. Судандын жашоочусу бир тарелка күрүчтөн жасалган тамак жеш үчүн эки күн иштегенге мажбур болот. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматтарында айтылат.
Азык-түлүктүн баасы эң кымбат 20 өлкөнүн 17си тропикалык Африка өлкөлөрү эсептелет. Баалардын жогору болушунун негизги фактору – куралдуу чыр-чатактар. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Дэвид Бислинин билдиришинче, куралдуу чыр-чатактар, климаттын өзгөрүшү, экономикалык кризис жана таажы вирусунун пандемиясы азык-түлүктүн бааларынын кол жеткистигине себеп болууда. Түштүк Судандын жарандары пандемияга чейин бир тарелка тамак-аш үчүн күндүк кирешенин 27 пайызын коротушкан. Азыр бул көрсөткү 186 пайызды түзөт.
Эми дүйнөдөгү тамак-ашы эң кымбат 20 өлкөнүн катарына Тажикстан да кирди. Бул өлкөдө бир жолку жөнөкөй түштөнүүгө же кечки тамакка жарандар күндүк кирешесинин 13 пайызын коротушат.
Эгер салыштыра кетсек, дүйнөдөгү жашоосу эң жакшы делген Нью-Йорк шаарында бир таркелка тамактын баасы жашоочунун орто эсеп менен бир күндүк кирешесинин 0,6 пайызына туура келет.
Булак: www.news.un.org