Азыр дүйнөдөгү дээрлик бардык саясатчылар абанын глобалдуу ысып кетишине каршы күрөшүү өтө кымбат турат деп эсептешет. Бирок, жаңы изилдөөлөр анчалык үлкөн эмес чыгымдар менен эле абанын ысып кетишин 1,5 градуста кармап, көптөгөн жумуш орундарын түзсө болорун аныктады.
Климатологдор жалпы адамзатты кыйроодон аман алып калуу үчүн абанын ысып кетишин 1,5 градуста кармап туруу зарылдыгын белгилешет. Ошондо гана жаратылыштагы ири катастрофалардын алдын алса болот. Эгер абанын ысып кетишинин динамикасы 1,5 градустан жогорулап кетсе, климаттын кескин өзгөрүшүнөн дүйнөнүн кыйроосу келип чыгат.
Леонардо Ди Каприо фондусу каржылык жактан колдогон жаңы изилдөөнүн жыйынтыгы абанын глобалдуу ысып кетишинин алдын алуу казып алынуучу отун индустриясын (көмүр, нефть, газ) каржылык колдогонго караганда кыйла арзан экенин тастыктады. Бул эмгектин авторлору дүйнөнүн 72 аймагындагы энергетиканын 2050-жылга чейинки өнүгүшүн үйрөнүп чыгышкан. Анын натыйжасында келечектеги боло турган үч сценарий келип чыккан. Биринчисинде адамдар казып алынуучу отунду колдонуу менен абанын глобалдуу ысып кетиши катастрофалык 5 градуска жетет. Экинчисинде 2 жана үчүнчүсүндө 1,5 градус кармалат.
Ошентип, планетанын ысып кетиши 1,5 градустан ашып кетпесин үчүн адамзат 2050-жылга карата казып алынуучу отундун бардык түрүнөн баш тартышы зарыл экен. Унаалар да, жылытуу системалары да жалаң гана таза энергиянын эсебинен болушу абзел. Авторлор геоинженерия жана көмүр кычкыл газын таратпай кармап калуу сыяктуу технологиялар натыйжалуу эместигин да көрсөтүшкөн. Анын ордуна планетада токойлорду калыбына келтирүү аркылуу коргонуу чараларын күчөтүү кыйла пайдалуу экенин, мисалы ушул жол менен жылына абага тарай турган 150 гигатонна көмүр кычкыл газын кармап калса болорун тастыкташат.
Таза энергияга өтүү көптөгөн жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот. Абанын ысып кетишин 1,5 градус кармоо сценарийинде энергетикалык сектордо 46,3 миллион жумуш орду түзүлөт. Бул экономикалык жактан да өтө пайдалуу. Ал эми мындай трансформация жылына 1,7 триллион доллар чыгымды талап кылат, бул казып алынуучу отунга кетип жаткан азыркы 5 триллион доллардан кыйла аз экени көрүнүп турат.