www.versia.kg
Суббота, Декабрь 6, 2025
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
www.versia.kg
Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо

ӨЗБЕКСТАН УКРАИНАГА КАРТОШКА ЖӨНӨТҮП БАШТАДЫ

30.05.2019
0 0
0
SHARES
143
Просмотры
Бөлүшүү

Өзбекстандагы картошканын быйылкы жаңы түшүмү алынып, Украинага дүңүнөн экспорттоону баштаган. Бул тууралуу EastFruit порталына шилтеме берүү менен Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.

Экспортко жакшы сапаттагы өзбек картошкасы килограммы 15-17 гривенден (килограммы 57-64 центтен) жөнөтүлүүдө. Деген менен, рыноктун катышуучуларынын билдиришинче, өзбек картошкасынын сатылышы улам кыйындап баратат, анткени Украинанын арзан баадагы жаңы жетилген картошкалары базарларда көбөйүүдө. Анан калса, Украинанын картошкасынын сапаты да жогору болууда, себеби ал кыска убакта эле талаадан дароо кардарларга жеткирилет.

EastFruit компаниясынын эксперттери билдиргендей, мурда Украина өзбек картошкасын импорттогон эмес, себеби Өзбекстан өзү да картошканын ири сатып алуучусу болуп саналат. Ал жылына 150дөн 300 миң тоннага чейин картошка импорттоп, дүйнөдөгү эң ири 20 импортёрдун катарында турат.

Анда эмне үчүн Украина быйыл өзбек картошкасын сатып алууга мажбур болду? Буга пияз күнөөлүү экен. Өтүп бараткан сезондо Украина менен Европа Биримдигинде пияздын жетишпестиги болуп, Борбордук Азия өлкөлөрүнөн: Казакстандан, Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Тажикстандан пияз экспортттого жол ачылган. Өзбекстанда картошка түшүмү март айында эле жетилгендиктен, пиязга кошумча арзан баадагы картошка экспорттоо мүмкүнчүлүгү да пайда болгон.

Деген менен, азыркы тапта Украинада картошканын баасы күн сайын төмөндөп баратат.

Мурдагы пост

ӨЗБЕКСТАН: ЭКСПОРТТО ТЕМИР ЖОЛ ЧЫГЫМЫ 50 ПАЙЫЗ ЖЕҢИЛДЕТИЛЕТ

Кийинки пост

АМЕРИКАНЫН НЕФТИСИ РОССИЯНЫ КЫЖААЛАТ КЫЛУУДА

Кийинки пост
АМЕРИКАНЫН НЕФТИСИ РОССИЯНЫ КЫЖААЛАТ КЫЛУУДА

АМЕРИКАНЫН НЕФТИСИ РОССИЯНЫ КЫЖААЛАТ КЫЛУУДА

www.versia.kg

Бардык укутар корголкон

  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Натыйжа жок
Бардык натыйжаларды кароо
  • ЖАҢЫЛЫКТАР
  • АНАЛИТИКА
  • ИНТЕРВЬЮ
  • ЖАРЫЯ
  • КӨЗ КАРАШ
  • Байланыш

Бардык укутар корголкон

Login to your account below

Forgotten Password?

Fill the forms bellow to register

All fields are required. Log In

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Log In