
Эми Өзбекстандын бийликтери атамекендик ишканалар тарабынан темир жол аркылуу ташылган экспорттук продукциялардын жол чыгымынын 50 пайызын компенсациялоо үчүн субсидия берүү механизми өздөштүрүлмөкчү. Бул тууралуу өлкө президентинин токтомуна шилтеме берүү менен Podrobno.uz жаңылыктар агенттиги жазып чыкты.
Бирок, бул колдоо көрсөтүү чарасы кошуна мамлекеттерге экспорттолгон продукциялар үчүн берилбейт экен. Ал эми мамлекеттик бюджеттин эсебинен субсидия төлөө ыйгарым укугу Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин алдындагы Экспортту өнүктүрүү агентигине берилди.
Өлкө президенти Транспорт министрлигине Монополияларга каршы комитети менен биргеликте бир айлык мөөнөт ичинде Uzbekistan airways жана «Узбекистон темир йуллари” компаниялары тарабынан экспорттук жүктөрдү ташуу бааларын карап чыгуу иши тапшырылды. Ошондой эле, жалпы продукциясынын 50 пайыздан ашыгын экспортко чыгарып, киреше тапкан юридикалык жактарга салык жеңилдиктери да бериле турган болду.
Ал эми Ишкердикти өнүктүрүүнү колдоо боюнча мамлекеттик фонд экспорттук продукция үчүн коммерциялык банктардан алынган кредиттердин үстөк пайыздарын төлөөдө да компенсацияларды жасамакчы. Бул максатта Каржы министрлиги 2019-2020-жылдар үчүн аталган фондуга 50 миллиард сум бөлүп берет. Президент Өзбекстандын банктар биримдигине экспортчу-ишканаларды каржылоону күчөтүү жагын тапшырды.
