Евразиялык реконструкциялоо жана өнүктүрүү бакынынын ВЦИОМдун сурамжылоосунун негизинде түзүлгөн “Интеграциялык барометр” аталышындагы докладында россиялыктардын өз өлкөсүнө башка жактан мигранттардын келишине болгон мамиле сууп баратканын көрсөттү.
Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүндө жалпысынан 77 пайыз калк ушул биримдиктин аймагында эркин кезип жүрүү, жумушка орношуу, жашап туруу жана окуу принциптерин колдойт. Бирок, Россияда башка өлкөлөрдөн келип иштегендердин жактырбоонун салттуу деңгээли байкалып жатат – мындай позицияны 2012-жылы 46 пайыз калк карманса, быйыл анын деңгээли 53 пайызга жеткен.
Ошондой эле мигранттар да россиялык эмгек рыногуна мурдагыдай ынтызар болбой калышканы байкалат. Эгер 2015-жылы Тажикстандын калкынын 53 пайызы Россиядан убактылуу иштеп туруу мүмкүндүгүн туура көрүшсө, 2017-жылы анын деңгээли 37 пайызга түшкөн. Молдавиянын потенциалдуу эмгек мигранттарынын саны 2015-жылдагы 27 пайыздан 2017-жылдагы 17 пайызга төмөндөдү. Кыргызстанда 38 пайыздан 30 пайызга түшкөн.
Мындай тенденция башка өлкөлөрдүн эмгек мигранттарынын Россияга барып иштөөгө кызыкпай баратканын белгилеп, ага россиялыктардын мигранттарга болгон мамилесинин салкындыгы себеп болуп жатат, дешет изилдөөнүн авторлору. Ошол эле кезде россиялыктардын өздөрү да КМШ өлкөлөрүнө барып иштегиси келбегени аныкталды.
Бул изилдөөнүн жыйынтыктары Россиянын айрым институттары тарабынан да тастыкталууда. Россиянын миграциялык өсүшү 2018-жылдын жыйынтыгында 2005-жылдан бери эң төмөнкү көрсөткүчтү түзгөн жана россиялыктардын санынын табигый азайышын жаба алган эмес. Мындай терс тенденциядан качуу менен Россиянын бийликтери иштөөгө, убактылуу жашоого жана паспорт алууга болгон жеңилдиктерди көрүп жатат. Бирок, бул терс жагдайдагы тенденцияны токтото алабы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт.